Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагындык уулу: ижарачылар мэрияга бир миллиард сомдон ашуун акча карыз

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления землепользования и строительства мэрии Бишкека Азамат Сагындык уулу
Начальник Управления землепользования и строительства мэрии Бишкека Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Азамат Сагындык уулу учурда борбор калаага тийиштүү жерлерди иштеткен ижарачылардан дебитордук карызды өндүрүү аракеттери жигердүү жүрүп жаткандыгын айтты.
Сагындык уулу: ижарачылар мэрияга бир миллиард сомдон ашуун акча карыз

Бишкек мэриясына ижарачылардын карызы бир миллиард сомдон ашык. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы сот ижарачылардан 115 миллион сом карызды мэриянын пайдасына чечип берген. Аталган каражаттын 34 миллион 500 миң сому шаардык казынага кайтарылып берилди жана калган бөлүгү бүгүнкү күндө сот аткаруучулар тарабынан өндүрүлүп жатат.

"Буга чейин карызы көбөйүп, төлөбөй жүргөн ижарачыларды сотко берип, анан аласабызды өндүрчүбүз. Бирок ошол кайтарылган карыздын 10 пайызы мамлекеттик алым катары сот аткаруучулардын эсебине түшчү. Маселенин мындай жол менен чечилиши мэриянын кирешесин азайтып турган. Быйыл, 2019-жылдан тарта, мамлекеттик алымдар тууралуу мыйзам жокко чыгарылды. Эми мындай өзгөрүүдөн кийин шаар бюджетинин эсебине көбүрөөк каражат түшөт деген үмүт бар. Анткени биз карыз өндүрүүнүн сотко чейинки аракеттерин колдонуп жатабыз. Азыркы тапта мэриянын жерин ижарага алып иштетип жүргөн ижарачылардын бересеси бир миллиард сомдон ашык. Аларды биз сотко жеткирбей түшүндүрүү жолу менен төлөтүүгө аракет кылуудабыз. Бул багытта алдын ала маалымдоо иштери да жигердүү аткарылып жатат. Карызы бар ижарачыларга кат жөнөтүп жана ЖМКлар аркылуу да эскертүүлөрдү берүүдөбүз. Бирок ижаранын акысын төлөөдөн баш тарткандарды айласыздан сотко берүүгө туура келет. Алардан мэриянын карызы да алынып, андан сырткары ижарага берилген жер да артка кайтарылууда ", — деди Сагындык уулу.

Ошондой эле ал быйылкы жылы сот аткаруучулар жер акысын төлөбөй жүргөн ижарачылардан жалпы аянты бир гектар 18 сотыхты түзгөн төрт жер тилкени Бишкек шаарынын мэриясына артка кайтарып бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0