КРдин билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов

Кубанов: IT-адистигине ээ болгондордун 98 пайызы жумуш менен камсыз болот

355
КРдин билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов дүйнө жүзү боюнча IT-адистерине болгон талап күч экендигин айтты.

Кыргызстандагы IT-адистер учурда орто эсеп менен 300-400 доллардан баштап 1500-2000 долларга чейин айлык алышат. Ошондой эле алардын арасында 15 миң долларга чейин акы алган программисттер да бар. Бул тууралуу Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жаштар гуманитардык багыттагы илимге ыктап, так илимдерден алыс болгондугуна байланыштуу, Кыргызстанда техникалык билими бар адистер жетишсиз.

"Кыргызстанда бир тармакты тандап, ошол багытта мыкты адистерди даярдоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Азыркы учурда IT-адистерине дүйнө жүзү боюнча талап күч. Ошол себептен дал ушул багытта жаштарды техникалык билим алууга үгүттөп, мыкты программисттерди даярдасак болот. Буга чейин атайын изилдөө жүргүзгөнбүз. Ага ылайык, Кыргызстандагы абитуриенттердин арасынан болгону сегиз пайызы техникалык билим алууга умтулушат экен. Анын ичинен эки пайызы гана IT-адистигин тандашат. Бул өтө эле аз көрсөткүч. Кесип тандаганда учур талабын эске алып, бүгүнкү күндөгү актуалдуу болгон адистикке басым жасаш керек", — деди кеңешчи.

Ошондой эле ал бул багытта сапаттуу билим берген окуу жайларды ачуу да мезгил талабы экендигин кошумчалады.

355
Белгилер:
кесип, программист, IT компаниялары
Тема боюнча
Программист: бир-эки күндө мобилдик тиркеменин прототибин даярдаса болот