Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: бүгүнкү күндө адамдар виртуалдуу дүйнөдө жашап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков азыркы учурда адамдар бири-бири менен интернет аркылуу сүйлөшүп, виртуалдуу дүйнөдө жашап калганын айтты.
Кадырбеков: бүгүнкү күндө адамдар виртуалдуу дүйнөдө жашап калды

Ийгиликке жетүү үчүн адамдагы эң чоң тоскоолдук - өзүнүн жалкоолугу. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адамдар бири-бири менен көзмө-көз баарлашканда ортодо мээрим, кызыгуу пайда болот.

"Бизнес, саясат, адабият, маданият, кайсыл гана тармак болбосун ийгиликке жетүү үчүн көп эмгектениш керек. Ийгиликке жетүү ар бир адамдын өзүнүн колунда. Аларга тоскоолдук болгон —  бир гана жалкоолук. Азыркы учурда адамдар өзү менен өзү болуп, көпчүлүгү социалдык тармактарда отуруп, виртуалдуу дүйнөдө жашап калды. Бош убакыттын баары интернеттен пайдасыз нерселерди көргөнгө кетип жатат. Адамдын көзүндө мээр, жүзүндө нур болот, ошол үчүн жандуу баарлашып туруш керек", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүктөр көп жана аларды туура пайдалана билүү керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0