Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: билим берүүнү түп-тамырынан өзгөртүүгө 80 миллиард сом жетет

© Sputnik / Жоомарт УраимовДепутат Жогорку Кенеша КР Акылбек Жапаров
Депутат Жогорку Кенеша КР Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров мамлекет билим берүүгө инвестиция салуу менен келечекте экономикасы дүркүрөп өскөн өлкөлөрдүн катарын толуктаса болорун айтты.
Жапаров: билим берүүнү түп-тамырынан өзгөртүүгө 80 миллиард сом жетет

Кыргызстанда билим берүү системасына реформа жасап, аны бир калыпка салууга 80 миллиард сом каражат жетет. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жылына 150-200 миңге чукул бала мектепке чейинки даярдыктан өткөрүлсө, калган 400 миңи эч нерсени үйрөнбөй эле билим уясынын босогосун аттайт.

"Биз капитализмди куруп жатабыз десем, эч бир аткаминер мойнуна алгысы келбейт. Тилекке каршы, өлкөдө байы, орто катмары жана кедей-кембагалдар да бар. Жакшы турмуштагылардын балдары 1-4 жашына чейин ар түрдүү мектепке чейинки даярдыктарга катышып отуруп 35 миллион сөз угуп, кабыл алат экен. Орто катмар үй-бүлөнүн балдарына 20-25 миллион сөз туура келери белгилүү болду. Ал эми бей-бечаралардыкы бала бакча же атайын даярдоочу класстарга бара албагандыктан болгону 10 миллион сөз угуп, кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү болот экен. Бул  — бөбөктүн мээси маалыматты башкалардан аз алып, ошончону гана иштеп чыгууга жөндөмдүү болду дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан биз грантка, насыяга акча алып, аны максатсыз пайдаланып отура бербей, 80 миллиард сомду жумшап, колунда жок бүлөнүн балдарын бала бакчага жайгаштырып, электрондук билим алууга жол ачып берсек, өлкө келечегине эбегейсиз чоң инвестиция салган болот элек", — деди Жапаров.

Депутат мындай жолго баруу менен билим берүү системасында реформа жасаган Финляндия, Эстония мамлекеттерин мисал келтирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0