Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: Ысык-Көл районундагы трасса четине жүргүнчүлөргө арналып үч жай курулат

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарынан баштап Чолпон-Атага чейин жүргүнчүлөр токтоп, дем алганга ыңгайлуу эс алуучу жайлар (кемпинг) курулмакчы.
Иманалиев: Ысык-Көл районундагы трасса четине жүргүнчүлөргө арналып үч жай курулат

Ысык-Көл районундагы борбордук трассанын четине жүргүнчүлөр үчүн атайын үч кемпинг курулат. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жайларда жүргүнчүлөр үчүн акысыз Wi-Fi, чакан ашканалар, автоунаа тейлөөчү борборлор жана ажаткана болот.

"Биз учурда кемпингдерди куруу үчүн үч жерди аныктап алдык. Биринчиси Кызыл–Өрүк айылында, экинчиси Чырпыкты кыштагында жана үчүнчүсү Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө ачылмакчы. Аталган аймактардан 20-30 сотыхтан жер тилкелери бөлүнүп, толугу менен бул жерлерге өткөрүлүп берүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан макулдук берилди. Бүгүнкү күндө ошондой эс алуучу жайларды ачууга кызыкдар болгон инвесторлорду издеп жатабыз", — деди аким.

Аймак жетекчиси Ысык-Көл районундагы борбордук трассанын жээктерине бардык шарттары бар алты ажаткана курулгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0