Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эркинбаева: мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын эки түрү бар

© Sputnik / Досхан НусупбековЮстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун жетектөөчү адиси Динара Эркинбаева
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун жетектөөчү адиси Динара Эркинбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конституциянын 40-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ар бир жаран квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Бул туурасында Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун жетектөөчү адиси Динара Эркинбаева айтты.
Эркинбаева: мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын эки түрү бар

Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам — консультациялык укуктук жана квалификациялуу юридикалык көмөк деп экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Динара Эркинбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акысыз юридикалык жардам берген жактоочулардын маянасы мамлекет тарабынан төлөнөт.

"Арыз, даттануулар боюнча юридикалык маалымат алууда, укуктук маселелер тууралуу түшүндүрмөгө муктаждык жаралганда жана документтерди түзүүдө бардык жарандар мамлекет кепилдеген акысыз укуктук кеңеш ала алышат. Ал эми квалификациялуу юридикалык жардамдын алкагында маалыматтан сырткары жарандык, жазык жана административдик иштер боюнча жактоочулар көмөк көрсөтүшөт. Мамлекет тарабынан сунушталып жаткан мындай жардам кыргызстандыктар үчүн толугу менен бекер жана алар аны менен каалаган учурда колдоно алышат", — деди юрист.

Ал Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору 2017-жылдын 31-майында түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0