Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шарапова: Кыргызстанда алгачкы жолу инклюзивдик билим берүү мектеби ачылат

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Сезимтал" инклюзивдик билим берүү мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жибек Шарапова. Архив
Сезимтал инклюзивдик билим берүү мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жибек Шарапова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сезимтал" инклюзивдик билим берүү мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жибек Шарапова аталган мектепке 24 бала кабыл алынарын айтты.
Шарапова: Кыргызстанда алгачкы жолу инклюзивдик билим берүү мектеби ачылат

Кыргызстанда биринчи ирет ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик билим берүү мектеби ачылат. Бул тууралуу Жибек Шарапова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мектепке кабыл алынган балдар саат 08:30дан 18:00го чейин билим алат.

"Сезимтал" инклюзивдик билим берүү мектеби ушул жылдын күз айынан тарта өз ишин баштайт. Анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар саат 08:30-18:00 аралыгында билим алат. Учурда кабыл алуу иштери жүрүүдө. Мындай мектеп Кыргызстанда алгачкы жолу ачылып жатат. Өзгөчөлөнгөн (аутист) балдар көп болгондуктан, бизге кайрылган ата-энелер абдан эле көп. Бирок биз бул жылы 24 гана балага сапаттуу билим берүүнү чечтик. Максатыбыз — өзгөчөлөнгөн балдарды коомго аралаштыруу жана кадимки мектептерден билим алуусуна даярдоо", — деди Шарапова.

Ал аутист балдардын ата-энелери баласынын кадимкидей мектептен билим алышынан жана коомго аралашуусунан үмүт үзбөй келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0