Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанакунова: Англияда Орто Азия элдеринин жомокторун боз үйгө кирип алып окушат

© SputnikПредседатель Иссык-Кульской туристической дестинации "Тескей Жээк" Жылдыз Асанакунова
Председатель Иссык-Кульской туристической дестинации Тескей Жээк Жылдыз Асанакунова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдүн "Тескей Жээк" этномаданий туристтик дестинациясынын төрайымы Жылдыз Асанакунова Англиянын Донкастер калаасындагы "Жер шарынын борбору" аттуу музейде кыргыз боз үйү тигилип тургандыгын айтты.
Асанакунова: Англияда Орто Азия элдеринин жомокторун боз үйгө кирип алып окушат

Ысык-Көлдүн "Тескей Жээк" этномаданий туристтик дестинациясынын төрайымы Жылдыз Асанакунова Англиянын Донкастер калаасындагы "Жер шарынын борбору" аттуу музейде кыргыз боз үйү тигилип тургандыгын айтты.

Англиялыктар Орто Азия элдерине таандык жомокторду боз үйгө кирип алып, балдарына окуп беришет. Бул тууралуу Жылдыз Асанакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, англиялыктар жомок үйү катары колдонгон боз үйдү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын усталары жасап беришкен.

"Британиялыктар Орто Азия элдеринин маданияты менен таанышуу үчүн атайын боз үйгө кирип алып китеп окушат. Анын ичинде балдарга арналган кыргыз, казак, өзбек, тажик, түркмөн элдеринин көптөгөн жомоктору бар. Музей кызматкерлери китептерди келечек муундун өкүлдөрүнө окуп берип, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө аракет кылышат. Мына ошондой эле маданий борборлорду биз да өзүбүздө ачсак жакшы болмок. Анткени учурда жаштарды билим менен азыктандырып, аны менен бирге улуттук баалуулуктарга үйрөтүү муктаждыгы бар. Эгер маданий жайларга бирден боз үй тигип, ал жакка коңур үндүү кишилерди отургузуп алып китеп окутсак, кызыккан жаштар өздөрү эле тартылмак. Бүгүнкү күндө аларга үйрөтө турчу улуттук баалуулуктар абдан эле көп. Андан сырткары, мындай улуттук колориттеги жайлар туристтерди да абдан кызыктырат. Мындан улам китеп окуу маданияты менен бирге улуттук баалуулуктарды да жайылтып, туризмди өнүктүрсө болот ", — деди Асанакунова.

Ошондой эле ал өлкө аймагында туризмди өнүктүрүү үчүн этномаданий жайларды көбүрөөк куруп, улуттук баалуулуктарды кеңири таанытууга аракет жумшаш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0