Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Умуралиева: шаардыктарга кызыктуу болгон сейил бактарды ачышыбыз керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор муниципального предприятия "Городские парки" Калича Умуралиева
Директор муниципального предприятия Городские парки Калича Умуралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Шаардын сейил бактары" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева Бишкектеги сейилдөөчү жайлардын абалын жакшыртуу үчүн бир катар иштер жасалып жатканын айтты.
Умуралиева: шаардыктарга кызыктуу болгон сейил бактарды ачышыбыз керек

Бишкек калаасына бир нече улуттун өзгөчөлүктөрүн камтыган  сейил бакчаларды ачуу үчүн тиешелүү элчиликтерге кат жиберилди. Бул тууралуу Калича Умуралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда "Шаардын сейил бактары" муниципалдык ишканасы элчиликтерден жооп күтүп жатат.

"Биз япон, корей жана кытай сейил бакчаларын ачуу боюнча тийиштүү элчиликтерге кат жаздык. Азырынча жообу келе элек. Бишкек калаасында түрдүү элдин улуттук салтын көрсөткөн сейил бактар ачылса, шаар тургундары жана келген туристтер үчүн кызыктуу болмок. Борбор калаабызда жогоруда мен санап өткөн улуттардын маданиятына байланыштуу көлмөлөр да бар. Мындай скверлер эки өлкөнүн маданият борборуна, ар кандай иш-чаралар өтчү аянтчага айланмак", — деди Умуралиева.

Ал башка элдин маданиятын билсең, ошол эл сага жакын болуп, улуттар арасындагы ынтымак бекемделерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0