Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Догоев: электрондук жеке маалыматтарды коргой турган орган түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСоветник президента Кыргызстана по вопросам цифровой трансформации Дастан Догоев
Советник президента Кыргызстана по вопросам цифровой трансформации Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев санариптештирүү системасында ар бир жарандын жеке маалыматы мамлекет тарабынан корголо турганын айтты.
Догоев: электрондук жеке маалыматтарды коргой турган орган түзүлөт

Жарандардын электрондук жеке маалыматтарын мыйзам чегинде колдонуу жана коргоо үчүн атайын мамлекеттик мекеме түзүлөт. Бул боюнча токтомдун долбоору иштелип чыккан. Учурда өкмөттө каралып жатат. Бул тууралуу Дастан Догоев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мекеме эл менен тыгыз иштешип, келип түшкөн кайрылуу, арыздарга да жооп берет.

"Санариптештирүүнүн алкагында электрондук документацияга өтүү көпчүлүктү кооптондурбай койбойт. Өздүк жеке маалыматтардын купуя сакталышы ар бир жаран үчүн абдан маанилүү. Бул маселени өкмөт да эске алган. Ал үчүн атайын токтомдун долбоору даярдалып, учурда каралып жатат. Анын негизинде электрондук жеке маалыматтарды колдонуу, коргоо боюнча атайын орган түзүлөт. Мындан сырткары, кибер коопсуздук боюнча жакында эле стратегия иштелип чыгып, ал да бекитүү алдында турат", — деди Догоев.

Ал ошондой эле мындай мекемени түзүү зарылчылыгы эл аралык тажрыйбалардын негизинен алынгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0