Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооронбаев: Кыргызстан-Швейцария ортосунда тоо медициналык борбору ачылат

© Sputnik / Диля АлымоваПрофессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев
Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан-Швейцария тоо медициналык илимий борбору" долбоорунун координатору, профессор Талант Сооронбаев аталган борбор эки багытта иш алып барарын айтты.
Сооронбаев: Кыргызстан-Швейцария ортосунда тоо медициналык борбору ачылат

Кыргызстан-Швейцария ортосунда тоо медициналык илимий борбор ачылат. Меморандумга президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлду. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган медициналык борбор эки багытта иш алып барат. Биринчиси — тоолуу аймактарда жашаган калктын ден соолугуна кам көрүү, климаттык өзгөчөлүктөрдөн улам келип чыккан оорулардын алдын алуу болсо, экинчиден, жергиликтүү тургундарды жаңы ыкмалар менен арзан дарылоо.

"Тоо медицинасын өнүктүрүү багытындагы долбоор негизинен өлкөдө бар болчу. Тактап айтканда, Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдында түзүлүп, алгачкы медициналык пункту Төө-Ашууда ачылган. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептерден улам керектүү деңгээлде өнүгө албай жаткан. Швейцария-Кыргызстан ортосунда жетишилген меморандумга ылайык, тоо медицинасын өнүктүрүү кайрадан колго алынмай болду. Анын алгачкы себеби эки өлкөнүн климаттык шарттарынын окшоштугу жана Швейцарияда медицинанын бул багыты жолго салынгандыгы. Борбордо тоолуу жерлердин тургундарын медицина менен камсыз кылып эле койбостон, мындай аймактарда жашаган адамдар көп чалдыкчу оорулардын алдын алуу, болтурбоо иштери илимий негизде иликтенет. Аталган долбоор эмки жылдан тарта ишке кирет", — деди Сооронбаев.

Профессор аталган долбоордун алкагындагы иштер Бишкекте Миррахимов атындагы медициналык борбордо жүргүзүлөрүн, ошондой эле Ак-Сайга калкты кабыл алуучу чакан оорукана курулаарын жана Төө-Ашуудагы пункту илимий иштер үчүн колдонуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0