Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраимова: билим берүү мекемелери үчүн 48 аталыштагы китеп басылып чыкты

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова
Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова басылып чыккан китептердин бет ачар аземи өткөнүн айтты.
Ибраимова: билим берүү мекемелери үчүн 48 аталыштагы китеп басылып чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бала бакчалар, мектептер, орто, кесиптик жана жогорку окуу жайлар үчүн 48 аталыштагы китеп басылып чыкты. Бул тууралуу Гүлнара Ибраимова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 61 276 китеп алты жарым миллион сомдон ашык каражатка басылды.

"Түрдүү багытты камтыган 48 аталыштагы китеп чыкты. Жалпы саны 61 276га жеткен китепке 6 377 125 сом жумшалды. Анын ичинен 1900 китеп бала бакчалар үчүн, ар кандай тематикадагы 10 аталыштагы жалпы нускасы 23 951 китеп мектептер үчүн чыкты. Орто, кесиптик жана жогорку окуу жайлар үчүн 35 аталыштагы китеп 35 425 нуска менен жарык көрдү. Алар билим берүү мекемелеринде окуп жаткандарга жана мугалимдерге арналат", — деди Ибраимова.

Ал аталган китептер өлкөнүн бардык райондоруна таратылып жеткирилгендигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0