Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касмалиев: өлкөдө жалпысынан 1 млн. 300 миң унаа катталган

© Sputnik / Эркин СадыковМамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын Унаа мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев ишеним кат менен жүргөн айдоочулар автоунааларын өзүнүн атына өткөрүп алуу керектигин айтты.
Касмалиев: өлкөдө жалпысынан 1 млн. 300 миң унаа катталган

Өлкөдө учурда жалпысынан 1 миллион 300 миң машина катталган. Бул тууралуу Усеин Касмалиев Sputnik Кыргызстан радиосунунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каттоодон өткөн унаалардын канчасы ишеним кат менен жүргөнү тууралуу расмий маалымат жок. Бирок болжолдуу түрдө республикадагы жалпы автокөлүктөрдүн 40 пайызынын ээлери темир тулпарларын өзүнө каттатпай айдап жүрөт.

"Ишеним кат документ болуп эсептелет. 2012-жылга чейин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан талап кылынып, Мамлекеттик каттоо кызматынан өтчү. Бирок кийин бул эрежелер жокко чыгарылган. Мунун жыйынтыгында ишеним кат аркылуу сатып алынган унаалар көбөйүп кетти. Анткени жеке менчик нотариус кызматтары уурдалган унаабы же башка себептерин текшербей эле ишеним кат жазып берип коюуда. Мунун кесепетинен өлкөдөгү миллиондон ашык унаанын 40 пайызга жакыны автомашинасын өзүнө каттатпай эле айдап жүрөт. Ал эми "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргени бул маселе эки эсе кыйынчылык жаратууда. Анткени мыйзам боюнча унаанын документинде паспорту көрсөтүлгөн ээси гана айып пулду төлөшү зарыл. Ал эми ишеним кат аркылуу сатып алган жаран жөн гана анын убактылуу өкүлү болуп эсептелет", — деди Касмалиев.

Ал ЖКККББнын "айдоочу ишеним катты милдеттүү түрдө жанына алып жүрүүчү документтердин катарына киргизиш керек" деген сунушун колдой тургандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0