Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Догоев: "Коопсуз шаар" системасында маалыматты өчүрүп коюу мүмкүн эмес

© Sputnik / Досхан НусупбековГлава ГКИТС КР Дастан Догоев
Глава ГКИТС КР Дастан Догоев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев "Коопсуз шаар" системасында маалыматтарды алмаштырып же өчүрүп коюу техникалык жактан мүмкүн эместигин айтты.
Догоев: "Коопсуз шаар" системасында маалыматты өчүрүп коюу мүмкүн эмес

"Коопсуз шаар" долбоорунун техникалык коопсуздугун сактоо максатында эки система иштейт. Бул тууралуу Дастан Догоев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаар кыймылын көзөмөлдөгөн камераларга байкоо жүргүзүп турган кызматкерлер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурда мыйзам алдында жооп берет.

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча катталып жаткан маалыматтарды өчүрүп коюу же алмаштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Анткени долбоор бири-биринен көз карандысыз, эки тараптуу коргонуу системасына ээ. Мисалы, кызматкер бир компьютерден кирип кандайдыр бир маалыматты өчүргөн болсо, башка компьютерде качан, ким тарабынан, кандай маалымат жок кылынгандыгы тууралуу чыгып калат. Ошондой эле ар ай сайын келип түшкөн маалыматтар чогултулуп, аудит жүрүп турат", — деди Догоев.

Аткаминер, мындан сырткары, кызматкерлердин иш-аракеттери атайын журналга катталып, тыкыр көзөмөлгө алынарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0