Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: өлкөдө зергерликтин потенциалы чоң

© Sputnik / Исмаил МамытовПрезидент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов
Президент союза предпринимателей и ювелиров Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов зергерлик тармагын өнүктүрүүнүн 2019-2022-жылдарга карата концепциясы бекитилгендигин айтты.
Акматов: өлкөдө зергерликтин потенциалы чоң

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда зергерчилик өнүгүү жолуна түштү десек болот. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн зергерлик тармагын өнүктүрүүнүн 2016-2018-жылдарга карата кабыл алынган алгачкы концепциясы толук кандуу ишке ашпай калган.

"Буга чейин ишкерлер аталган тармактагы көйгөйлүү маселелерди өкмөткө тааныштырган. Натыйжада тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен 2016-2018-жылдарга карата атайын концепция кабыл алынган. Бирок ортодо өкмөт алмашып, айрым жагдайлар өзгөрүүсүз калды. Мына ошол мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында 2019-2022-жылдарга карата экинчи концепция иштелип чыгып, аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү колдоп берди. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү зергерлик өндүрүшү өнүгүү жолунда баратат. Мамлекет тарабынан колдоо болуп, кабыл алынган жаңы жоболор кыйшаюусуз ишке аша турган болсо, жакынкы арада зергерлер экономиканын өсүшүнө олуттуу салымын кошо баштайт деген үмүт бар", — деди Акматов.

Ошондой эле ал учурда Бишкек шаары боюнча зер буюмдарын жасаган 50гө жакын ишкана жана аларды сатыкка чыгарган 300дөй дүкөн бар экендигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0