Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис: төлөм картасын чет жерде колдонгон соң пин-кодун алмаштыруу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель отдела безопасности в одном из банков КР Сейтек Курманов
Руководитель отдела безопасности в одном из банков КР Сейтек Курманов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов төлөм карталарын алууда банк тарабынан берилген нускамаларды дыкат окуп чыгуу зарылдыгын
Адис: төлөм картасын чет жерде колдонгон соң пин-кодун алмаштыруу керек

Төлөм карталарынан акча уурдаган учурларды чет элдик басылмалардан кезиктиребиз. Мындай көрүнүш Кыргызстанда да бар. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пластикалык карталардан акча жоготуу көбүнесе жөнөкөй эрежелерди сактабагандыктан келип чыгат.

"Дүкөн, кафе-бар, интернет клубдарда айрым адамдар пластикалык карта аркылуу төлөм жүргүзүшөт. Бул ыңгайлуу жана үнөмдүү. Бирок сизди тейлеп жаткан кызматкер картаңыздан тиешелүү сумманы гана чыгарып калышына көңүл буруңуз. Пластикалык картаңызды көтөрүп алып башка бөлмөгө же сизден алыстап кетишине жол бербеңиз. Ошондой эле банкоматтан акча чыгарып жаткан учурда чоочун адамдардан сак болуңуз. Пин-кодун терип жатып, экинчи колуңуз менен баскычтарды калкалап алыңыз. Акча берүүдө банкомат жана банк кызматкерлери сиздин пин-коддон башка маалыматты суроого акысы жок экенин билиңиз. Ал эми чет мамлекетке чыгып карта аркылуу төлөм жүргүзгөн соң мекенге кайтып келгенде пин-кодун өзгөртүп алганыңыз оң", — деди Курманов.

Ошондой эле адис картаны жаңыдан ачып жатканда артындагы кол коюучу жерге сөзсүз түрдө эн тамга калтыруу керектигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0