Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муратбеков: "Ала-Тоо" аянтында эл күн сайын китеп окуп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун уюштуруучуларынын бири Табылды Муратбеков
Китепкөй Ала-Тоо долбоорунун уюштуруучуларынын бири Табылды Муратбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун уюштуруучуларынын бири Табылды Муратбеков аталган долбоорго катышууну каалагандар күн сайын көбөйүп жатканын айтты.
Муратбеков: "Ала-Тоо" аянтында эл күн сайын китеп окуп жатат

Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтын пикеттин эмес, китептин аянтына айландыруу керек. Мындай пикирин Табылды Муратбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, күн сайын борбордук аянтта саат 18:00дөн 20:00гө чейин китеп окуу иш-чарасы өтүп жатат.

"Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун башталганына бүгүн эки жума болду. Бул аралыкта коомчулуктун позитивдүү жаңылыктарга жана пайдалуу иш-чараларга суусап турганын байкай алдык. Долбоордун негизги максаты — китеп окуу маданиятынын жандануусуна салым кошуу жана борбор шаарыбыздагы "Ала-Тоо" аянтын пикеттин эмес, китептин аянтына айландыруу. Шаар тургундарын аз убакыт болсо да китеп окуганга чакырып жатабыз. Каалоочулар аянтка эки китеп алып келишет. Бирин өзү, бирин аянтта жүрүп, долбоорго кызыгып калган киши окуй алат", — деди Муратбеков.

Ал аталган долбоор аймактарда да кулачын жайып жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0