Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубанов: билим берүү боюнча алты гана мамлекет менен келишимибиз бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовКРдин билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов. Архив
КРдин билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов чет мамлекетке окууга барарда тандаган кесибиң кайсы өлкөдө жакшы окутуларына көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Кубанов: билим берүү боюнча алты гана мамлекет менен келишимибиз бар

Билим берүү боюнча Кыргызстан алты гана чет мамлекет менен келишим түзгөн. Бул тууралуу Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, биздин студенттер чет өлкөгө барып, ал жакта анча өнүгө элек тармактарды тандап алышат.

"Эгер бизде эл аралык деңгээлдеги мыкты дарыгерлер болсун десек, анда бул тармак боюнча Германия менен келишим түзгөнүбүз жакшы. Анткени ал жакта медицина абдан өнүккөн. Мыкты инженерлерди даярдаш үчүн Кытай, Түштүк Корея мамлекеттерине студенттерди жиберсек болот. Гуманитардык илимдерден Европа өлкөлөрүнө артыкчылык берилиши керек. Айыл чарба тармагын өнүктүрөбүз десек, студенттерди Россияга жөнөткөнүбүз туура. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстандын болгону алты өлкө менен келишими бар. Бул өтө эле аз көрсөткүч", — деди Кубанов.

Ошондой эле ал билим берүүдөгү гранттык орундарды көбүнесе Кытай жана Венгрия берип жаткандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0