Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Моношбекова: Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө 24 киши даярданып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековNomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова
Nomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Nomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова Ысык-Көлдү сүзүп өтө тургандардын коопсуздугу сактала турганын айтты.
Моношбекова: Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө 24 киши даярданып жатат

Issyk Kul Swim Challenge 2019 аталышындагы спорттук мелдеш 18-августта Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылында өтөт. Бул тууралуу Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чара быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.

"Nomad коомдук спорт бирикмеси элди спорт менен машыгууга үндөп келет. Бул жолу каалоочулар үчүн Ысык-Көлдү 14 чакырымга сүзүп өткөнгө шарт түзүп жатабыз. Негизи мындай спорттук иш-чара быйыл үчүнчү ирет уюштурулууда. Былтыр катышуучулардын саны өтө аз эле. Быйыл болсо жалпы 24 киши Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги Кара-Талаа айылынан баштап күнгөй жээгиндеги Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөнгө бел байлап жатат. Ар бир сүзүүчүнүн жанында суучулдар коштоп, катышуучулардын коопсуздугу үчүн жооп берет", — деди ал.

Моношбекова спорттук мелдешке Россия жана Казакстандан да адамдар келерин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0