Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Медетбек уулу: мектептердеги дааратканалардын абалы өтө начар

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗамначальника ОГУКС мэрии Бишкека Асхат Медетбек уулу
Замначальника ОГУКС мэрии Бишкека Асхат Медетбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асхат Медетбек уулу борбор калаадагы мектептердин баары оңдоо иштеринен өтөрүн айтты.
Медетбек уулу: мектептердеги дааратканалардын абалы өтө начар

Бүгүнкү күндө Бишкектеги мектеп жана бала бакчалардын 70 пайызы ремонттолуп бүттү. Бул тууралуу Асхат Медетбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калган оңдоп-түзөө иштери план боюнча 15-августка чейин соңуна чыгышы керек.

"Учурда 16 бала бакчада жана 37 мектепте оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. 15-августка чейин бизге караштуу билим берүү жайларынын абалын жакшыртуу талап кылынган. Ушул тапта өз убагында бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Медетбек уулу.

Ал шаардагы мектептердин дааратканалары өтө начар абалда экенин жана аларды жаңылоого аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0