Жөө саякаттоо жана велоспорт боюнча гид Уланбек Уметов

Уметов: гиддин биринчи милдети тарыхты бурмалабай маалымат берүү

20
Жөө саякаттоо жана велоспорт боюнча гид Уланбек Уметов аталган кесиптин мыкты адиси болуу үчүн китепти көп окуу зарылдыгын белгиледи.

Гиддин биринчи милдети — тарыхты бурмалабай маалымат берүү. Мындай пикирин Уланбек Уметов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.

Анын айтымында, өзгөчө эл-жердин тарыхы тууралуу сөз болгондо такталбаган булактардан алынган маалыматтарды туристтерге айтып бербеш керек.

"Гиддердин эрудициясы күчтүү болуусу шарт. Ар тармактан тааныштыгы болуп, китепти көп окууга кесиби милдеттендирет. Ал эле эмес, ашпозчулук, медициналык алгачкы билими болгону жакшы. Дары чөптөр тууралуу маалымат чогултуп алса да жардамы тиет. Мындан сырткары, тарыхты тереңден окуп, үйрөнүүсү зарыл. Анткени туристтерге өз эли-жериң тууралуу такталбаган, кээде жаман көрсөткөн маалыматтарды жеткиргениң уят жана өз өлкөңө жоопкерчиликсиз мамиле жасаганың деп ойлойм. Айрым учурларда мага башка гид ушундай маалымат берген эле деп терс, чындыкка коошпогон окуяларды туристтер айтып келишет. Мындай абалдан маалымат берген кесиптешиңди уят кылбай, ал тарыхый окуяны башка өңүттөн саякатчыга кайрадан айтып берүү менен абалдан чыгууга туура келет", — деди Уметов.

Ошондой эле ал гиддердин тейлөө сапатын жакшыртуу максатында түрдүү эл аралык уюмдар окуу курстарын уюштуруп турарын кошумчалады.

20
Белгилер:
маалымат, тарых, гид
Тема боюнча
"Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган". Гиддер менен маек