Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмонова: жаш ишкерлерди колдоо максатында 70 млн. сом бөлүндү

Осмонова: жаш ишкерлерди колдоо максатында 70 млн. сом бөлүндү
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун долбоорлорду каржылоо кызматынын эксперти Нурзада Осмонова 25-июлда Бишкек шаарында башталган Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлер форуму бүгүн, 30-июлда, Чолпон-Атада жыйынтыкталарын айтты.
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу чакан жана орто бизнести баштай тургандар үчүн 70 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Нурзада Осмонова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каражат ишкерликти өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгесин колдоо максатында каралган.
"Аталган форумдун алкагында Россия жана Кыргызстандагы жаш лидерлер жолугушуп, келечекте ишке ашырчу пландарды талкуулашууда. Алдыдагы кызматташуулар боюнча кенен маек куруп жатышат. Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери да катышуучуларга өзгөчө көңүл бурууда. Бул форум жаштардын ортосундагы мамилени чыңдоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жаралышына жол ачып жатат. Мындан сырткары, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу чакан жана орто бизнести баштоочулар үчүн бизнес тармагын өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин кубаттап, 70 миллион сом бөлдү", — деди Осмонова.
Ал аталган фонд ишкерлер үчүн учурда эки долбоорду ишке ашырууга бел байлап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0