Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдиев: бизнес-ипотека ишкерлердин жумушун жеңилдетет

© Sputnik / Асель АкматалиеваКандидат экономических наук Илимбек Абдиев
Кандидат экономических наук Илимбек Абдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика илимдеринин кандидаты Илимбек Абдиев Кыргызстанда кичи ишканалар басымдуулук кыларын айтты.
Абдиев: бизнес-ипотека ишкерлердин жумушун жеңилдетет

Бизнес-ипотека ишкерлердин жумушун жеңилдетет. Мындай пикирин Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнес-ипотека кичи жана орто ишканалар үчүн керек.

"Бизнес-ипотека ишкерлер үчүн абдан ыңгайлуу. Мындай жол менен алар өтө аз пайыз менен насыя ала алышат. Бүгүнкү күндө ишкерлер деле өлкөнүн ар бир жараны сыяктуу банктардан насыяга акча алып, пайызына көп акча сарптап келет. Кыргызстанда орто жана кичи ишканаларды салыштыра келгенде 99,15 пайызын кичи ишканалар түзөт. Ошондуктан бизнес-ипотека ишкерлердин ишин жеңилдетип, аларга канчалык бир деңгээлде мотивация берет", — деди экономика илимдеринин кандидаты.

Ошондой эле ал Кыргызстанда импорт экспортко караганда үч эсе көп экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0