Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаев: Көлдө бильярд боюнча өтө турган дүйнө чемпионатына катышам

© Sputnik / Табылды КадырбековТрехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев
Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев аталган спорт түрүнөн 8-13-августта Ысык-Көлдө өтө турган дүйнө биринчилигине даярданып жатканын айтты.
Сагынбаев: Көлдө бильярд боюнча өтө турган дүйнө чемпионатына катышам

Дүйнө чемпионатын төртүнчү ирет багындырууну көздөп жатам. Бул тууралуу Каныбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул дүйнө биринчилигине ал күйөрмандарынын жана жакындарынын өтүнүчү менен катышмакчы.

"Ден соолугума байланыштуу үч жылдан бери бильярд ойнобой калгам. Бирок Ысык-Көлдө өтө турган дүйнө биринчилигине катышам. Ага менин жакындарым жана күйөрмандарым түрткү болуп жатышат. Анан да кимдин эле төртүнчү ирет дүйнө чемпионатын багындыргысы келбесин. Болгондо да мелдеш өз жерибизде өтүп жатса. Буга чейин уюштуруу иштери менен алек болуп, даярданууга убакыт тар болуп жатты, бирок ага карабастан машыгып жүрдүм. Эми колум кичине бошоп, чемпионатка жигердүү кам көрүүдөмүн. Бүгүнкү күндө даярдыгым жакшы. Жаш бильярдчылар менен татыктуу таймаш өткөрөм деген жакшы ниетим бар", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал 8-13-августта Ысык-Көлдө өтө турчу дүйнө чемпионатында улуттук курама командадагы жаш бильярдчылар Дастан Лепшаков жана Изат Ратбековго зор үмүттөр артылып жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0