Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ыбышева: химиялык тазалоочу каражаттарды бири-бирине аралаштырбоо керек

© Sputnik / Максат ЭлебесовВрач-эпидемиолог Бактыгуль Ыбышева
Врач-эпидемиолог Бактыгуль Ыбышева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер-эпидемиолог, эксперт Бактыгүл Ыбышева тиричилик химиялык заттарынын зыяндуулугунан кантип коргонуу керектигин айтып берди.
Ыбышева: химиялык тазалоочу каражаттарды бири-бирине аралаштырбоо керек

Жууп-тазалоочу каражат сатып алып жатканда анын курамына биринчи кезекте көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу дарыгер-эпидемиолог, эксперт Бактыгүл Ыбышева Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, химиясыз же өтө аз өлчөмдө кошулган жууп-тазалоочу каражатты колдонгон учурда да колго мээлей кийүү зарыл.

"Үй тиричилигинде керектелүүчү заттарды сатып алууда шашпай курамын окуп чыгыңыз. Андан кийин анын колдонуу эрежелерин так сактаганга аракет кылыңыз. Көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн ашып кеткен болсо же бир аз гана убакыттан соң жарамдуулугу бүтө турган каражаттар менен жууп-тазалабай эле койгонуңуз жакшы. Анткени кандай гана химиялык каражат болбосун, мөөнөтү өтүп кеткен соң ал зыяндуу затка айланат. Колдон келсе зарылдыгы жок жуучу каражаттарды колдонбой эле койгон жакшы. Ошондой эле химиялык заттарды бири-бири менен аралаштырып иштетүүгө тыюу салынат. Мисалы, майлыктарды чылап коёрдо агартуучу жана жыт кетирүүчү затты чогуу салып койгон болбойт. Алгач бирин колдонуп, андан соң гана экинчисине салуу керек", — деди Ыбышева.

Адис кадимки кир самындын калдыктарын эритип, сода кошуп идиш жуучу каражат жасап алса болорун жана бул зыянсыз экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0