Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кожоев: кадимки эле чаңдар мөңгүлөрдүн тездик менен эришине шарт түзүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник отдела Госинспекции по экологической и технической безопасности Талантбек Кожоев
Начальник отдела Госинспекции по экологической и технической безопасности Талантбек Кожоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Талантбек Кожоев өлкөнүн 30 пайызын түзгөн мөңгүлөрдүн тез эришине бир нече себептер бар экенин айтты.
Кожоев: кадимки эле чаңдар мөңгүлөрдүн тездик менен эришине шарт түзүүдө

Кадимки эле чаңдар мөңгүлөрдүн тездик менен эришине шарт түзүүдө. Бул тууралуу Талантбек Кожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, бир гектар жерди ээлеген токой жылына 50 тонна чаңды соруп, тазалайт.

"Дүйнө жүзү боюнча мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жаткандыгын айтып коңгуроо кагышууда. Өлкөнүн 30 пайызын мөңгү каптаган мамлекет катары бул көйгөй Кыргызстан үчүн да олуттуу. Алардын табигый жолунан тез эрип жок болуусунун алгачкы себеби, күндүн жылдан-жылга ысып жаткандыгы болуп саналат. Ал эми орчундуу дагы бир себеби, мөңгүлөрдүн айланасындагы токойлордун адамзаты тарабынан мыкаачылык менен, болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта кыйылып, жок кылынуусу. Мунун кесепетинен пайда болгон чаңдар түз эле барып мөңгүгө жабышып, анын булганып, эрип жок болуусун шарттоодо", — деди Кожоев.

Ал жашылдандырууну колго алуу менен көптөгөн экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0