Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакирова: чет өлкөдөгү кыргыз балдар эне тилин унутпаса дейбиз

© Sputnik / Эркин СадыковЧелябинск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Зыйна Бакирова
Челябинск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Зыйна Бакирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Челябинск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Зыйна Бакирова өлкөдөн алыс жашап калган кыргыздардын балдары өз эне тилин унутуп калганына кейиди.
Бакирова: чет өлкөдөгү кыргыз балдар эне тилин унутпаса дейбиз

Россияда иштеп, жашап калган кыргыздардын балдары өз тилин, каада-салтын унутуп калышууда. Мындай көйгөйдөн чочулаган ата-энелер каякка кайрыларын билбей, бизге келишет. Бул тууралуу Зыйна Бакирова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, Россиянын кайсы шаарында болбосун кыргыз үй-бүлөлөрүндө мындай көрүнүш кезигет.

"Турмуш шартына байланыштуу чет мамлекеттерде иштеп, жашап калган ата-энелердин балдары өз эне тилинде сүйлөй албай калышууда. Бул улут үчүн чоң жоготуу. Мындай көйгөй бир эле Россияда эмес, бүткүл дүйнөгө тараган кыргыз үй-бүлөлөрүндө бар деп ойлойм. Ата-энелери балдары аз да болсо өз мекени, тили, тарыхы тууралуу маалымат алса, үйрөнсө, окуса деген тилек менен диаспораларга кайрылышат. Биз колубуздан келген жардамды беребиз, бирок бул жетишсиз. Андыктан Кыргызстандагы Билим берүү министрлиги, Маданият министрлиги да көмөк көрсөтсө, кыргыз тилиндеги адабияттар менен камсыз болууга жардамдашса деген тилегибиз бар. Мындай сунушубузду ушул жылдын 1-2-август күндөрү Москва шаарында өткөн президент менен Россиядагы кыргыздардын жолугушуусунда да көтөрдүк", — деди Бакирова.

Ал ошондой эле кыргыз тилин окутуп, үйрөтө турган адистердин аздыгы да чоң көйгөй экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0