Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Койчубаков: он жылдан бери айтылган долбоор ишке ашмай болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков. Архив
Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков борбор калаада он жылдан бери айтылып келе жаткан долбоор ишке аша турганын билдирди.
Койчубаков: он жылдан бери айтылган долбоор ишке ашмай болду

Коомдук транспорттор сентябрь айынан тарта электрондук төлөмгө өтөт. Бул тууралуу Нурлан Койчубаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып малымдады.

Анын айтымында, аталган долбоор боюнча тендер өттү. Ага биринчи этапта сегиз, кийинкисинде үч компания катышкан.

"Бишкектиктерди күттүргөн долбоорлордун бири — коомдук унаалардын электрондук төлөмгө өтүшү. Бул маселе он жылдан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Быйыл январь айында тендер өткөрдүк. Жалпысынан ага 11 компания катышса, тендердик комиссия жыйынтыгында швейцариялык ишкананы жеңүүчү атап, алар менен апрель айында келишим түзүлдү. Буюрса, сентябрдан тарта автобус, троллейбустар электрондук карта аркылуу төлөө системасына өтөт. Бул жол киренин наркына эч кандай таасирин тийгизбейт", — деди Койчубаков.

Аткаминер аталган долбоордун иштеп башташы менен айдоочулар арасындагы коррупциялык аракеттер жоюларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0