Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубанов: онлайн-платформа орто бизнестин ишкерлери үчүн ыңгайлуу

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов
Билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов Кыргызстан жана Россия жаш лидерлеринин форумунда ишкерлик багыты боюнча бир нече сүйлөшүүлөр жүргөнүн айтты.
Кубанов: онлайн-платформа орто бизнестин ишкерлери үчүн ыңгайлуу

Кыргызстан жана Россиянын жаш ишкерлери үчүн онлайн-платформаны иштеп чыгуу каралууда. Бул тууралуу Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, онлайн-платформа ишкерлик жасоодо маанилүү роль ойнойт.

"Кыргызстан жана Россия жаш лидерлеринин форумунда экологиядан баштап ишкерликке чейинки бир катар тармактарда кеп кылдык. Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн жаш ишкерлери үчүн онлайн-платформа түзүп, аны ишке киргизүү каралды. Мындай аракет орто бизнес менен алектенгендер үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүп берет. Өзүм да ишкерликке жаңыдан кадам таштап жаткан кезде россиялык ишкерлер менен көпүрө түзүп бере турган аянтча таба алган эмесмин. Жетекчилер алмаша берет, ал эми онлайн-платформа болсо сакталып тура бермекчи", — деди Кубанов.

Ал ошондой эле башка өлкөнүн жаштары кыйын деген түшүнүк Кыргызстандын улан-кыздарында болбошу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0