Кыргызстан жана Россия жаш лидерлеринин форумунун алкагында эки өлкөнүн жаштары келечекте бирге жасачу долбоорлор тууралуу ой бөлүштү. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жолугушуу учурунда Россиянын алдыңкы долбоорлорун көрүү үчүн бизнес-тур уюштуруу пландалды.
"Форумда Россиянын айылдык жаштар бирикмеси менен таанышып, алдыдагы иш-аракеттерди чогуу жасамай болдук. Бири-бирибиз менен ой бөлүштүк. Дароо эле алдыбызга чоң пландарды койбосок да, мындан ары ал жакка барып алдыңкы долбоорлор менен таанышып, бизнес-тур уюштуралы деп жатабыз. Россияда гранттар ири суммада берилип келет. Чет өлкөлүктөр үчүн да конкурстар жарыяланса, алар бизди кабардар кылмай болду. Максаттарга жетүү үчүн кичинекей болсо да кадам таштап, аны сөзсүз иш жүзүнө ашырыш керек", — деди Токтогазиев.
Ал аталган форум жаштар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып бергенин кошумчалады.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.
Айша Карасаевага өз кезегинде айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дагы ашык болгон, бирок нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Карасаев жашоодон көп запкы тартып калгандыктан сөзгө, кепке абдан сак эле.
"Кусеин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан дагы ушуну талап кылчу. Ал киши менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагында айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган", — деди Мусаев.
Профессор жубайлар үч кызга таалим-тарбия берип өстүргөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат.
Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик башчылары катышкан.
"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.