Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов

Темиркулов: мындан ары кан төкпөөнүн бир гана жолу бар

444
Көз карандысыз саясий серепчи Азамат Темиркулов учурда өлкө мыйзам талаасынан чыгып кеткендигин айтты.
Темиркулов: мындан ары кан төкпөөнүн бир гана жолу бар

7-август түнү Кой-Ташта болгон кандуу окуяны мыйзам тарабынан алып карасак, албетте, туура эмес. Эми аны чечүүнүн бир гана жолу бар. Эки тарап тез арада жолугуп, бетме-бет сүйлөшүү менен курчуган абалды жөнгө салышы керек. Мындай пикирин Азамат Темиркулов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, республикадагы чыңалган абалды жөнгө салуу эми саясатчылардын колунда.

"Биз мыйзамдын негизинде жашаган мамлекетпиз дегенибиз менен учурда мыйзам талаасынан чыгып кеттик. Эгер мыйзамдын чегинде жашаган болсок, анын өкүлдөрү болгон укук коргоо органдарынын мүчөлөрүнө, жоокерлерге кол салбайт элек. Кыргыз коомчулугу биринчи кезекте өзүнө зыян кылып жаткандыгын, ата-бабадан калган жер биздики экенин түшүнүшү зарыл. Ал эми аткаминерлер учурда абалды колго алып, чукул жыйындарды өткөрүп, тирешкен эки тарап сүйлөшүү жолу менен гана тез арада абалды жөнгө салышса, кан төгүүлөрдүн алдын алышкан болор эле", — деди Темиркулов.

Саясат таануу илимдеринин доктору элди түрдүү чагымчыл маалыматтарга алдырбай, ынтымакты сактоого чакырды.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 7-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция баштаган. Мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери киргизилип, Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышкан. Ок атылып, бир жоокер каза болду. Дагы 45 адам ар кандай жаракат менен ооруканада.

444
Белгилер:
УКМК, Алмазбек Атамбаев, Азамат Темиркулов
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)
Тема боюнча
Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Пресса чакырылган жок
Атамбаевди кармоо операциясы. 2-күн. Учурда эмне болуп жатат
Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча кандай кылмыш иштери козголорун айтты
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев. Архив

Пульмонолог: азыркы пневмония COVID-19 вирусу чакырган илдет

921
(жаңыланган 17:22 03.07.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев учурда күчөп жаткан пневмония оорусунан дарылануу ыкмаларын айтты.
Пульмонолог: азыркы пневмония — COVID-19 вирусу чакырган илдет

Азыр жүрүп жаткан пневмонияны COVID-19дан бөлүп кароого болбойт. Экөө бир оору. Мындай пикирин Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ПЦР-тесттер COVID-19 вирусун көрсөтпөгөн учурда деле, эгер пневмония бар болсо, аталган дартка кабылган болуп эсептелет.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

"Коронавирус өзүнчө, азыр курч жүрүп жаткан пневмония өзүнчө деп ойлоо жаңылыштык. Азыркы пневмониянын козгогучтары бактерия же микроб эмес, ошол COVID-19 вирусу болуп жатат. Ошондуктан "атипичная внебольничная пневмония" же болбосо башка типтеги пневмония деп аталат. Оору өпкөнүн кан тамырларында тромбдорду пайда кылып, жыйынтыгында аба алмашуу керектүү деңгээлде жүрбөй, адамга кычкылтек жетпей демигип калат. Ошондуктан өлүмдүн саны да көп болууда. Бул жерде адамдар антибиотиктерди ичүү менен дарыланам деп адашып жатышат. Вируска ал дарылар жардам бербейт. Эгер белгилери байкалып дене табы көтөрүлсө, дароо үй-бүлөлүк врачтарга телефон чалуу керек. Ошолор айткан гана дары-дармектерди, башкысы, канды суюлтуучу препараттарды ичүү керек", — деди Сооронбаев.

Дарыгер вирус жуктуруп албаш үчүн обочолонуу, санитардык эрежелерди так сактоо керектигин кошумчалады.

921
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Талант Сооронбаев
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Сооронбаев: балдарга газдалган суусундуктарды таптакыр бербеш керек
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов. Архив

Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт

37
(жаңыланган 12:49 03.07.2020)
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов алдыда боло турган парламенттик шайлоонун үгүт иштерине пандемияга байланыштуу бир топ эреже киргизилерин айтты.
Бекматов: саясий партиялар үгүт иштерин 50 пайызга чейин онлайн өткөрөт

Жогорку Кеңешке шайлоо жараянын өткөрүүгө мурдагылардан айырмаланып бир топ санитардык эреже киргизилет. Мындай кадамдар коронавируска байланыштуу болот. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, БШК үгүт иштери учурунда партияларды санитардык эрежелерди аткарууга милдеттендирген укуктук актыларды иштеп чыкты.

"Быйыл 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоо мурдагыларынан өзгөчө болот. Анткени мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерге кошумча дагы санитардык тартиптер киргизилет. Мунун баары коронавирустун калк арасына жайылуусуна жол бербөө максатын көздөйт. Ал үчүн талапкерлерге үгүт иштеринин 50 пайызга чейинкисин аралыктан, ЖМКлар аркылуу жүргүзүү тапшырмасы берилет. Бул көрсөткүч мурда 30 пайыздан ашпоосу керек эле. Мындан сырткары, шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүнү каалашса, азыркы учурдагы талапка ылайык, бир топко 50дөн ашык эмес гана адам чогултууга жана аларды коопсуздук аралыгын сактоо менен жайгаштырууга милдеттендирилет. Бул багытта атайын укуктук актылар иштелип чыкты", — деди Бекматов.

Ал ошондой эле санитардык талаптарды аткарбаган партиялар жоопко тартыларын кошумчалады.

37
Белгилер:
коронавирус, шайлоо, Абдыжапар Бекматов
Тема боюнча
Бекматов: убактылуу каттоого тургандар ал жерде шайлоого катыша албайт
АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси

"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?

0
(жаңыланган 22:32 03.07.2020)
Дүйнөдө кечээги күндүн негизги жаңылыгы болуп АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Россияга каршы тезинен санкция киргизүү боюнча билдирүүсү, ошондой эле Америкада коронавируска кабылгандардын саны күндөн-күнгө өсүшү туурасындагы маалымат чыкты.

Пелосинин мындай билдирүүсү "Россия менен талибдердин" Америкага каршы кутуму" деген акылга сыйбаган айыптоодон улам келип чыкканын эске сала кетели. Кыскасы, бул америкалык атайын кызмат тарабынан топтолгон маалымат дагы эмес, "кайсы бир аналитиктердин талибдерди суракка алышынан кийинки бүтүмдөр" экен. Анда Россиядагы кимдир бирөөлөр "көп жылдан бери америкалык аскерлерди өлтүрүп келе жаткан талибдерге дал ушул "милдет" үчүн акча төлөгөн" деген кеп камтылат". Ушундай эле жол менен алар Россия Африкадагы төрөлүү саны үчүн кошумча төлөгөн деп да чыгары ажеп эмес. Дал ушул тууралуу РИА Новости агенттигине макала жарыяланды.

Пентагондун да, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи О'Брайендин билдирүүлөрүнө ылайык чыгарылган мындай "күчтүү" бүтүмдүн деле тастыктоосу табылбады. Андан улам өз маалында бул туурасында АКШ президентине да маалымдашпаптыр. Буга чейин да тастыкталбаган толгон-токой жоромолдордой эле... Аларды топтоо, иштеп чыгуу атайын кызматтардын түз милдети эмеспи. Бирок кептин баары Американын бүгүн кадыресе мамлекеттин кадимки мыйзамдары менен жашабай калганында (Дмитрий Песков туура баамдагандай, "Вашингтондо бүгүн түшүнүксүз нерселер көп"). Хайптардын ички айыгышкыс күрөшүнүн мыйзамы өкүм сүрүүдө. Муну кыскача "Эч кандай мыйзамдын жоктугу" деп сүрөттөөгө болот. Ошондуктан өзөктүк державанын өкүлдөр палатасынын башчысы, өзүнүн идеологиясы катары сот адилеттиги жана акыйкаттыкты жарыялаган мамлекеттин жогорку кызматтарынын бирин ээлеген киши эч далилденбеген "ыкчам маалымат", тагыраагы, дээрлик саясий бүтүмдөн улам башка бир өзөктүк державага каршы тезинен санкция киргизүү демилгеси менен чыгып отурат.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Ал эми бул маалыматты ыраспы же жалганбы деп текшерип койбостон коомго жайган маалымат каражаттары "Бул кишиге Россия туурасындагы терс маалымат жакпайт" деп АКШнын азыркы президентинин "айыбын" ачып киришти. Бул далалат менен алар мурдатан айтылып, бирок максатына жете албай келе жаткан "Трамп — орус тыңчысы" деген тезисти кайрадан жаңыча иштеп чыгып жатышкандай.

Ал эми экинчи саптагы жаңылык — Кошмо Штаттарда COVID-19 кескин көбөйүп, күн сайын АКШда 50 000ден ашуун учурлардын катталышы. Мында, эң кызыгы, америкалык маалымат каражаттарынын бул статистиканы элге кандай нукта сунуп жатканы. Маселен, абройлуу Huffington Post басылмасы: "Илдеттин мындай күч алышынын айрым себептерин май аягындагы Эскерүү күнүнөн бери (чейин) байкоого болот".

CNN: "Трамптын бет капка каршы жүрүштөрү кайра өзүнө кайтты", – деп жазды.

The New York Times: "Сурамжылоолор көрсөткөндөй, көптөгөн америкалык эркектер бет кап тагынууну чабалдыктын белгиси катары эсептешет. Трамптын бет кап тагынуудан баш тартышы да ушундай ойдо экенин боолголоого себеп", — жеп жарыялады.

Эгер сизге аналитиктердин бул мисалдарында кайсы бир нерселер көз жаздымда калгандай туюлса, жаңылган жоксуз. Аларда май айынан бүгүнкү күнгө чейин аралыкты сактоо, үйдө отуруу жана башка чакырыктарга баш ийбей, Black Lives Matter прогрессивдүү жана туура кыймылынын өкүлдөрүнүн көп миңдеген тобу көчөдө жүргөнүнөн, дүкөндөрдү тоноп, имараттарга өрт коюп, унааларды талкалап, адамдарды өлтүрүп (ушул тапта толук эмес эсеп боюнча BLM кыймылынын жоопкерчилигинде 25тен ашуун өлүм бар), тизе бүктүрүп жатышканынан кеп салууга толук тыюу салынган.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Жүз миңдеген, балким, миллиондогон америкалыктар коопсуздукту чечкиндүү түрдө унуткарып, эч кандай коронавирус жоктой жүрүм-турумга өтүштү. Сырттан караган байкоочулар белгилегендей, оорунун күч алышы тозокту эске салгандай абалга кептейт, акыркы окуялардан улам бул башкача бүтпөйт. Бирок андай учур башка түшкөн соң чындыкты аташпайт.

Ошол себептен прогрессивдүү талдоочулар элдин (эл баягы эмес) ашкере эр жүрөктүүлүгүн, Трамптын жоопкерчиликсиздигин жана май айындагы Эскерүү күнүн себеп катары көрсөтүшкөнү менен, болгон түтүктөрдөн чыгып турган түтүндү эч кимдин көргүсү жок. Мында маселенин негизги себебин издөөнүн ордуна, РФти "Оккаманын устарасынын" эмоционалдык түрүнө кептегендей. Ошондуктан "кандай кыйын кырдаал болбосун, Россия менен Трампты айыпта" деген принцип өкүм сүрүүдө.

Анткен менен бул деле Американын дүйнөлүк лидерликтен тайып, пандемияга туруштук берүүгө жөндөмсүздүгү өңдүү чоң көйгөйлөрдү чечүүгө пайдасын тийгизбейт. Бирок бул америкалык коомдун ички прогрессивдүү күчтөрдү канааттандырып, азыркы бийликтин каршылаштарына президентти ээрден алып түшүүгө өбөлгө түзөт.

Айтмакчы, мунун баары бүт дүйнөгө азыркы күнгө чейин үлгү катары көрсөтүп келишкен өлкөдө орун алууда. Ошентсе да РФтеги элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарына таянсак, "Америкадагыдай" деген сөздүн "сыйкыр" күчү четинен жоюлуп бараткандай.

0
Белгилер:
байланыш, көйгөй, Талибан, коронавирус, гезит, маалымат, күч, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты