Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Молдокасымов: тарыхый ачылыш кайдыгерлик менен кабыл алынганы кейитет

© Sputnik / Дильноза АлымоваКР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов
КР президентинин аппаратына караштуу Мурас коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов кыргыз тарыхынын 3000 жылдыгы такталган маалымат экендигин айтты.
Молдокасымов: тарыхый ачылыш кайдыгерлик менен кабыл алынганы кейитет

Кыргыз тарыхындагы чоң ачылышты коомчулук да, аткаминерлер да кайдыгерлик менен кабыл алды. Башка мамлекеттер мындай табылганы чоң кубаныч менен тосуп алмак. Мындай пикирин Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, кытай окумуштуулары кыргыз тарыхын изилдөөнү мындан ары да улантышат.

"Кытайдын белгилүү окумуштуусу Ю Тайшан кыргыздар тууралуу тарыхта 2200 эмес, 3000 жыл мурда айтылгандыгын таап чыкты. Бирок айрым кыргыз окумуштуулары бул маалыматты ишенбөөчүлүк менен кабыл алды. Биринчиден, Ю Тайшан буга чейинки эмгектеринде эле хагас, гянкун, геккун эли тууралуу жазгандарын мисалга келтирди. Ал буга чейин кыргыз элинин тарыхына кызыкпагандыктан, бул кезиккен тарыхый элдер азыркы кыргыздардын түпкү ата-теги экенин изилдеген эмес. Кыргыз-кытай тарыхчыларынын ортосунда келишим түзүлүп, байыркы кытай жазуулары менен сакталып калган тарых барактарын изилдөөгө алар тараптан көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнүбүздөн кийин гана бул маалыматтарын кайрадан карап чыккан. Ю Тайшан өзүнүн соңку ачылышы расмий, акыркы билдирүүсү экенин айтты. Анын үстүнө кытай тарыхчылары мыйзам боюнча аныкталбаган маалыматтарды жарыялоого укуктары жок. Мына ушундай маанилүү окуя кыргыз коомчулугу тарабынан салкын кабыл алынгандыгы, албетте, кейитет", — деди Молдокасымов.

Ал тарыхый изилдөөлөргө мамлекет тарабынан олуттуу колдоо жок болгону менен жеке ишкерлер каражат жагынан көмөк көрсөтүүгө кызыгып жатышканын кошумчалады.

Эске салсак, өлкө башчысы былтыр Кытайга болгон иш сапарында кесиптеши Си Цзиньпинден кыргыз тарыхына тиешелүү архивдик материалдардан биздин окумуштуулардын пайдалануусуна көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Кытай тарап бул пикирди жакшы кабыл алган. Жыйынтыгында "Мурас" коомдук фондусу менен Кытайдын Мамлекеттик илимдер академиясынын тарых изилдөө институтунун ортосунда биргелешип изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча келишим түзүлүп, көп өтпөй кыргыздар тууралуу 3000 жыл мурда айтылгандыгы жөнүндөгү маалыматтар табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0