Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исхакова: эне ымыркайын шашпай эмизиши шарт

© Sputnik / Табылды КадырбековПедиатр Бишкекского ЦСМ №3 Дилара Искакова
Педиатр Бишкекского ЦСМ №3 Дилара Искакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук үйбүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Исхакова эгиз балдарды энеси бир эле учурда эмизе берсе болорун айтты.
Исхакова: эне ымыркайын шашпай эмизиши шарт

Көпчүлүк энелер баласын шашып эмизет. Мындай учур ымыркайдын тойбой калышына жана анын чоңоюусуна терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Диляра Исхакова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эне ымыркайын шашпай эмизиши шарт.

"Бала эмизип жаткан учур энеге сөзсүз ыңгайлуу болуш керек. Далысы бир нерсеге жөлөнүп турган болсо эне өзүн бош таштап, баланы тойгузууга жакшы шарт түзүлөт. Ал эми эгиз балдарды бир эле учурда экөөнү тең эки жакка алып эмизе берсе болот. Ымыркайды шашпай эмизүү абдан маанилүү. Керек болсо 30-40 мүнөт баланын курсагы тойгончо күтүп туруш керек. Эмчекти соруш үчүн бөбөккө да күч керек. Бул нерсеге өзгөчө жаңы төрөлгөн алдей бир айлык болгонго чейин көңүл буруу кажет", — деди Исхакова.

Адис энеге бала эмизүүгө жакындары да шарт түзүп берип, сүт берип жатканда аны шаштыра бербеш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0