Ишкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов

Арапов: билимге жасалган инвестиция эң чоң бизнес

Ишкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов колунда барлардын гана балдары чет өлкөдө окуй алат деген түшүнүк жаңылыштык экенин айтты.
Арапов: билимге жасалган инвестиция — эң чоң бизнес

Билимге инвестиция жасоодо акчаны аябаш керек. Мындай пикирин Алмаз Арапов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, билимге кылган инвестиция — эң чоң бизнес.

"Байлардын гана балдары чет мамлекеттен билим ала алат деген пикир жаңылыштык. Мисалы, мен жөнөкөй үй-бүлөнүн баласымын. Бакалаврды Түркиядан бюджеттик негизде окуп, жетиштүү стипендия алдым. Кийин билимимди Европадан уланттым. Иштеп деле чет жерден билим алса болот. Билим алуу үчүн акча короткондон коркпош керек. Билимге кылган инвестиция — эң чоң бизнес. Тойго кетирген 5-10 миң доллардын ордуна чет өлкөдө билим алып, ал жакта иштеп калса, бул акчаны бир айда таап алышы мүмкүн", — деди Арапов.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы айрым окуу жайларда окуган каражатка Америкадан деле билим алса болорун кошумчалады.

Белгилер:
каражат, акча каражаты, келечек, билим алуу, чет өлкө
Тема боюнча
7 тил билген студент: чет тилин тез үйрөнүүнүн бир эле сыры бар
Sputnik Кыргызстан радиосунун Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков жаңы кирген сөздөрдү колдонууда дароо эле түз которууга ашыкпай, ата-бабаларыбыз сүйлөп жүргөн аталыштарга маани берүү керектигин айтты.
Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын айтты.

Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.

"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.

Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.

Белгилер:
тарбия, балдар, китеп, жомок, Бегайым Жайчиева
Тема боюнча
Психолог: жомок угуп чоңойгон баланын иммунитети бекем болот
Душ кабинасы. Архив

Бишкектеги турак жайлардын көпчүлүгүндө 4 күн бою ысык суу болбойт

(жаңыланган 14:54 19.04.2021)
Маалыматка караганда, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.

"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.

Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.

Белгилер:
ысык суу, үй, Бишкек
Тема боюнча
Эртең Бишкектин кээ бир жерлеринде муздак суу өчөт. Тизме
Жаан-чачындуу болот. Келерки аптанын аба ырайы