Ат турлары боюнча адистешкен гид Руслан Тажиев

Тажиев: ат турлары боюнча илимий иш жактасам дейм

53
Ат турлары боюнча адистешкен гид Руслан Тажиев туризмдин бул багыты өлкөдө тездик менен өнүгүп жатканын айтты.

Ат турлары боюнча илимий иш жазсам дейм. Анткени интернет айдыңында да, адабияттарда да бул багытта теориялык иштер сейрек кездешет. Бул тууралуу Руслан Тажиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, ат туризми дүйнө саякатчылары үчүн жаңы тармак. Ал Чилиде жана Россиянын Карачай-Черкес республикасында гана бир аз өнүккөнү болбосо, башка аймактарга дээрлик жат көрүнүш.

"Кыргызстандын ат туризми багытында келечеги кең. Тоолуу өлкөбүздүн кооздугуна жана табиятына кызыккандар арбын. Албетте, мындай саякат атсыз болбойт. Тилекке каршы, туристтер ат менен саякаттоодо эл аралык стандарттарды сурашат. Бул багытта деги эле эч кандай стандарт азырынча кабыл алына электигин айтабыз. Интернет айдыңында да ат туризми тууралуу маалыматтар жокко эсе. Андыктан, ушул багытта атайын илимий иш жазсам деген тилегим бар. Жалпысынан эле бул багытты бренд катары алып, колубуздан чыгарбашыбыз керек", — деди Тажиев.

Ал учурда келген туристтерге ат менен саякаттоодо ат кошчулар өздөрү түзгөн эрежелер менен иштешерин кошумчалады.

53
Белгилер:
туризм, ат, саякат, гид
Тема боюнча
"Атамдын жабыла турган конок үйүн эки турист кыз сактап калган". Гиддер менен маек