Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азизбекова: "Жеңилдетилген рецепт" менен дарыларды 90 пайызга чейин арзан алса болот

© Sputnik / Досхан НусупбековМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова. Архив
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпара Азизбекова кыргызстандыктар "Жеңилдетилген рецепт" маалымкаты менен 2000-жылдан бери дары-дармекти арзан баада алып келишерин айтты.
Азизбекова: "Жеңилдетилген рецепт" менен дарыларды 90 пайызга чейин арзан алса болот

"Жеңилдетилген рецепттин" негизинде дарыларды 50 пайыздан 90 пайызга чейин арзан алууга болот. Бул тууралуу Жыпара Азизбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган маалымкат амбулатордук деңгээлдеги ооруларды айыктыра турчу гана дары-дармектерге берилет.

"Жеңилдетилген рецептти" алуу үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана жана жарандын ортосунда атайын келишим түзүлөт. Ага ылайык, амбулатордук деңгээлдеги ооруларга каршы колдонулган 200дөн ашуун дары 50 пайыздан 90 пайызга чейин арзан сатылат. 50 пайызга чейин арзандатылган дарылар кошумча программанын алкагында жеткиликтүү болот. Бул учурда биздин фонд чыгашанын жарымын каржылайт. Ал эми 90 пайыздык жеңилдик менен берилген дары-дармектер кепилдик программасынын негизинде алынат. Аталган программа социалдык маанидеги олуттуу делген беш ооруга багытталган. Алар онкологиянын терминалдык баскычтагы стадиясы, бронхтук астма жана психикалык оорунун үч түрү. Эгер оорулуу үй-бүлөлүк дарыгердин каттоосунан өтүп, бизге тастыктоочу маалымкаты менен келсе, тийиштүү дарынын баасынын 90 пайызын төлөп беребиз", — деди Азизбекова.

Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта Ысык-Көл облусу жана Ош шаарында "Жеңилдетилген рецепттерди" электрондук системага өткөрүү аракети тесттик режимде жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0