Биринчи Май райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Исхакова

Исхакова: эмдөөсү жок балдар чет өлкөгө чыга албай калып жатат

57
Биринчи Май райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Исхакова айрым балдар эмдөөнү убагында албагандыктан чет мамлекетке чыга албай калып жатканын айтты.
Исхакова: эмдөөсү жок балдар чет өлкөгө чыга албай калып жатат

Эмдөө бала төрөлгөндөн баштап тартиби менен жүргүзүлүшү керек. Мындай пикирин Диляра Исхакова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдардын келечеги үчүн аларды эмдөө зарыл.

"Учурда кызамык оорусу бир гана Кыргызстанда эмес, Европада да күч алып жатат. Муну менен катар эле мындай маселе Америкада да бар. Ошол себептен учурунда эмдөөдөн өтпөй калган балдар-кыздар чет жерге иштегени же окуганы кете албай калууда. Алар кичинесинде өздөрү чечим кабыл албагандыктан, ата-энелери эмдөөдөн баш тартып, балдарынын келечегине чыккынчылык кылган. Эмдөө тартиби менен кетиши керек. Болбосо кийин кеч болуп калат", — деди Исхакова.

Ал жакында эле 11-классты аяктаган жигит эмдөөсү жок үчүн чет өлкөгө окууга кете албай калганын кошумчалады.

57
Белгилер:
медицина, бала, ата-эне, эмдөө
Тема боюнча
Ажыга барчуларды эмдөө маалы белгилүү болду
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров

Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

26
Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист Элдар Абакиров мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам туура эмес жол менен байыгандарга ылайыкташкан деген пикирин билдирди.
Абакиров: мүлктү адалдоого багытталган мыйзам ишке ашпайт

Өлкөдө көмүскө экономика тамырлашып кеткен. Мындан улам мыйзамсыз жол менен табылган байлыктарын легалдаштыруу боюнча жаңы кабыл алына турган мыйзам ишке ашпайт. Мындай пикирин Элдар Абакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жашыруун мүлктөрүн, капиталын ачыктоону каалагандар саналуу эле болот.

“Капиталды амнистиялоо же болбосо мүлктү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору ишке ашпайт. Анткени анын баарын көзөмөл кылган система жок. Эгерде “жакынкы күндөрү жалпы декларациялоо жүргүзүлөт. Анын алкагында экономика тармагы санариптештирилип, жарандардын бардыгы текшерилет” деген коркунуч турса, кандайдыр бир натыйжа бермек. Анда айрымдар жашыруун байлыгын адалдаштырууга умтулмак. Ал эми азыр эч кандай кооптоно турган жагдай байкалбайт. Мындан тышкары, өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 40-50 пайызды түзөт. Буга бир нече объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Бир топ ишкана көмүскө иш алып барууда өзүн ыңгайлуу эле сезип жатат. Алардын кожоюндары коомчулукка капиталын ачыктоону каалабайт”, — деди Абакиров. 

Ошондой эле ал бул мыйзам иштеп кетүүсү үчүн Салык кодекси түшүнүктүү жана жеңил болушу керектигин кошумчалады.

26
Белгилер:
мыйзам, салык, декларация, Элдар Абакиров
Тема боюнча
Чиновниктер байлыгын ачыктаса, эски ишин кечирүү мыйзамы сунушталды. Чоо-жайы
Азыгалиев: Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталары форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев

Азыгалиев: Талас облусу жылына 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт

18
Азыгалиев: Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палаталары форумунун төрагасы Нурлан Азыгалиев өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө төө буурчак өстүрүү келечектүү тармактардан экенин айтты
Азыгалиев: Талас облусу жылына 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт

Талас облусу жыл сайын 60 миң тоннага чукул төө буурчак өндүрөт. Анын 99 пайызы экспортко кетет. Бул тууралуу Нурлан Азыгалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төө бурчак өндүрүүнү бүтүндөй республикага жайылтуу зарыл.

“Талас облусу соңку жылдары негизинен төө буурчак өстүрүп келет. Өндүрүлгөн продукцияга суроо-талап да жогору. Алар жыл сайын Түркия, Македония, Болгарияга жана Европа өлкөлөрүнө кыргыз төө буурчагын сатышат. Бул багытты республикалык деңгээлде колго алып, башка аймактарга да жайылтуу керек”, — деди Азыгалиев.

Ишкер фасолду жакынкы кошуна мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин кошумчалады.

18
Белгилер:
экономика, экспорт, төө буурчак
Тема боюнча
Темиркулов: кризистен чыгуу үчүн козу карын өстүрүп, коен багуу керек
Москвадагы Жеңиш аба парады

Россияда Жеңиш парады 24-июнда өтмөй болду

0
(жаңыланган 18:35 26.05.2020)
Мамлекеттин коргоо министри Сергей Шойгуга коопсуздукту камсыздап, тобокелдиктерди азайтуу тапшырылган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиш парады 24-июнда өтөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, мамлекет башчы иш-чарага даярдык көрүүнү баштоого буйрук берген. Коргоо министри Сергей Шойгуга коопсуздукту камсыздап, тобокелдиктерди азайтуу тапшырылган.

Путин ошондой эле "Өлбөс полктун" жүрүшүндө аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин айтып, аны 26-июлда, тагыраагы, Аскер-деңиз флотунан кийин өткөрүү пландалып жатканын белгилеген.

Эскерте кетсек, 9-майга пландалган парад жана "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл коронавирус эпидемиясынан улам өтпөй калган.

0
Белгилер:
иш-чара, Жеңиш парады, Владимир Путин, Россия
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Тема боюнча
"Өлбөс полктун" онлайн түрүн 20 миллион адам көрдү