Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбеков: күнүнө кеминде 20 мүнөт китеп окууну адатка айландыруу зарыл

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун уюштуруучуларынын бири Бакай Акылбеков
Китепкөй Ала-Тоо долбоорунун уюштуруучуларынын бири Бакай Акылбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун уюштуруучуларынын бири Бакай Акылбеков өлкөнүн келечеги үчүн китеп окуу маанилүү экенин айтты.
Акылбеков: күнүнө кеминде 20 мүнөт китеп окууну адатка айландыруу зарыл

Бир күндө эң аз дегенде 20 мүнөт китеп окууну адатка айландыруу зарыл. Мындай пикирин Бакай Акылбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомчулук китеп окуганга жапа тырмак киришүүгө тийиш.

"Китеп окууну ар бир адам өзүнөн башташ керек. Мисалы, биз "Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун уюштуруучулары бири-бирибизге эскертүү берип турабыз. Башында 20 мүнөт болсо да ар кандай чыгармаларды окуп, бара-бара акырындык менен убактысын көбөйтө берсе болот. Бул нерсени адатка айландырууга тийишпиз. Отчет үчүн эмес, улуттун, өлкөнүн келечектеги тагдыры үчүн китеп окуу маанилүү. Ошондуктан учурда баарыбыз убакыт бөлүп, жапа тырмак китеп окушубуз зарыл", — деди Акылбеков.

Ал "Китепкөй Ала-Тоо" долбоорунун катышуучулары күн сайын эки сааттан китеп окуп жатканын жана мындай аракет чоң жетишкендик болуп саналарын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Акылбеков демилгелеген "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында 42 китепкана ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0