Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муканов: "Жеңилдетилген рецепттер" электрондук системага өтүп жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваНачальник информационно-технического обеспечения ФОМС Талант Муканов
Начальник информационно-технического обеспечения ФОМС Талант Муканов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Талант Муканов "Жеңилдетилген рецепттер" электрондук системага өтүп жатканын айтты.
Муканов: "Жеңилдетилген рецепттер" электрондук системага өтүп жатат

Электрондук жеңилдетилген рецепттин эки артыкчылыгы бар. Бул тууралуу Талант Муканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Жеңилдетилген рецепт" программасы боюнча жарандардын толук кандуу маалыматы жок. Ошол себептен 2018-жылы бул программаны болгону 400 миң киши колдонгон.

"Бүгүнкү күндө электрондук жеңилдетилген рецепттер тесттик режим менен Ысык-Көл облусу жана Ош шаарында берилүүдө. Учурда анын кемчиликтерин жана артыкчылыктарын текшерип жатабыз. Азырынча мүчүлүштүктөр техниканын жетишсиздигинен улам гана болууда. Ал эми артыкчылыгы — программа автоматташтырылып, анын бардык аймактарда жеткиликтүү болушунда. Буга чейин аталган рецепт менен оорулуулар өзүнүн катталган жери боюнча гана дары-дармекти арзан баада алып келишкен. Эми ал электрондук системага өткөнү жарандар каалаган жеринен дарыны 50 жана 90 пайыз жеңилдик менен сатып ала алышат. Экинчи өзгөчөлүгү — бул анын ачык-айкындуулугунда. Мурун программага арналып бөлүнгөн акча тыкыр көзөмөлгө алынбай, айрым коррупциялык көрүнүштөр орун алып келген. Эми онлайн көзөмөл жүрүп, ар бир тыйындын сарпталышы боюнча маалымат алып турабыз ", — деди Муканов.

Ошондой эле ал "Жеңилдетилген рецепт" программасына жыл сайын 150 миллион сом бөлүнүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0