Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрменбаев: мөңгүлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатат

© Sputnik / Эркин СадыковУлуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун гляциология лабораториясынын жетекчиси Бакытбек Эрменбаев. Архив
Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун гляциология лабораториясынын жетекчиси Бакытбек Эрменбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун гляциология лабораториясынын жетекчиси Бакытбек Эрменбаев мөңгүлөрдүн азайып жатышын коомчулук билиши зарыл деп эсептейт.
Эрменбаев: мөңгүлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатат

Мөңгүлөрдүн эрип азайып жатышы - табигый көрүнүш, бирок муну коомчулук билүүсү керек. Аны элге жеткирүүдө мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүлбөй жатат. Мындай пикирин Бакытбек Эрменбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө гляциолог кесибине бир дагы жогорку окуу жайы адистерди даярдабайт.

"Мөңгүлөрдүн эриши - табигый көрүнүш. Бирок анын өлкө үчүн канчалык деңгээлде маанилүүлүгүн коомчулук билбей жатат. Аларды коргоо, сактоо үчүн жашылдандыруу, сууну үнөмдүү пайдалануу сыяктуу майда көрүнгөнү менен маанилүү аракеттерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп туруусу зарыл. Экинчи көйгөй - Кыргызстан мөңгүсү көп өлкө болгону менен бул багыттагы адистерди даярдаган бир дагы окуу жайы жок. Жогорку окуу жайлардын эч бири гляциология кесибине окутпайт. Мындан улам изилдөө иштеринде адистердин жоктугунан чет мамлекеттерге кайрылууга аргасызбыз", — деди Эрменбаев.

Окумуштуу элди ичүүчү сууну ыксыз пайдаланууну токтотууга, бак-дарактарды көбөйтүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0