ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров

Пакыров: ишкерлердин башын бириктирген ири долбоор старт алды

451
(жаңыланган 16:51 14.08.2019)
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров "Бизнес кербени" долбоорунун башкы максаты - өлкөдөгү ишкерлердин башын бириктирип, алардын кызматташуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүү экенин айтты.

Бүгүнкү күндө ишкерлер өз өндүрүмүн аймактарга чыгарып, бизнесин кеңейтүүгө кызыкдар. Ушундай багытта "Бизнес кербени" долбоору бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын түзмө-түз кызматташуусун камсыздайт. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор 2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашып жатат.

"Бизнес кербени" ишкерлер үчүн бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашып, көйгөйлүү маселелерди талкуулап, келишимдерди түзүүгө ыңгайлуу аянтча болуп берет. Ошондой эле алардын ортомчусуз, түзмө-түз иш алып баруусун да шарттайт. Азыркы учурда ишкерлер өз өндүрүмүн аймактарга чыгарып, бизнесин кеңейтүүнү көздөшүүдө. Ошол себептен аталган долбоорду өлкөнүн жети облусунда кезек менен ишке ашырууну чечтик. Бүгүнкү күндө Нарын жана Талас жергесинен сырткары бардык аймактарда долбоорду ийгиликтүү өткөрүп келдик. Эми 16-августта жергиликтүү ишкерлерди Нарында чогултсак, күзгү жыйым-терим аяктагандан кийин Таласта өткөрөбүз", — деди Пакыров.

Ошондой эле ал эл аралык тажрыйбада ийгиликтүү ишкерлер алгач өз өлкөсүндөгү рынокту толук өздөштүрүп, анан гана экспортко чыгарын кошумчалады.

451
Белгилер:
аймак, долбоорлор, Фархат Пакыров
Тема боюнча
Акматов: бизнесте убакыт акча менен ченелет