Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пирматов: коңшу өлкөлөрдөн келген мигранттардан мамлекет пайда көрбөйт

Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов коңшу мамлекеттен келген мигранттардын иш-аракетин көзөмөлдөп, жөнгө салган мыйзам долбоорун сунуштаганын айтты.
Пирматов: коңшу өлкөлөрдөн келген мигранттардан мамлекет пайда көрбөйт

Бүгүнкү күндө Өзбекстан жана Тажикстандан келген мигранттардан мамлекет пайда көрбөйт. Бул тууралуу Исхак Пирматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдөн келген мигранттардын иш-аракетин көзөмөлдөп турган мыйзам иштеши керек.

"Кыргызстанга жылына мыйзамсыз иштегени коңшу өлкөлөрдөн болжолдуу түрдө 100 миңге чукул киши келип жатат. Алар мамлекетибизге эч пайда алып келген жок. Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде эмгек акы жогору болгондуктан, аталган өлкөнүн жарандары Кыргызстанга келип, талаа иштеринде, курулуш тармагында жана сервистик кызматтарда иштеп жатышат. Мындай учурдан укук коргоо кызматкерлери пайдаланып, өз чөнтөгүнө иштеп жаткандыктан, аталган эки өлкөнүн жарандары үчүн патент системасын ишке киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды", — деди эл өкүлү.

Депутат ошондой эле эгер мигранттар ай сайын 500 сомдон патентке деп акча төлөп турса, бир жыл ичинде өлкө казынасына 8 миллион долларга чейин каражат түшүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0