Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис: уйдун сүттүү же эттүү болуусу багуудан көз каранды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт в сельскохозяйственном направлении Дария Тогузбаева
Эксперт в сельскохозяйственном направлении Дария Тогузбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба тармагындагы эксперт Дария Тогузбаева уй багууда эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын айтып берди.
Адис: уйдун сүттүү же эттүү болуусу багуудан көз каранды

Алгач фермер кайсы багыттагы уйду багарын чечип алуусу зарыл. Мисалы, саан уй күнүнө орточо эсеп менен 5-6 литр сүт берсе, анын эттүүлүгү тукумуна жараша болот. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кайсы багыттагы уйду кармоону аныктаган соң тукумуна жараша уйкананы ылайыкташтырыш керек.

"Уй багууну чечкен фермер алгач эле аны кармоочу жайды жасап чыгуусу зарыл. Короонун чатырын, дубалдарын жылуулап, аба кирип туруусу үчүн терезелер орнотулат. Жери жыгач же топурак болобу, айырмасы жок, бирок кык тазалоого ыңгайлуу болушу үчүн сөзсүз түрдө жантайлатып куруу керек. Бир баш малга төрт чарчы метр жер эсептелет. Жашы чоңдорун, оорулуусун таза малдан бөлүп кармоо шарт. Уйкананын температурасы 10-12 градус жылуу, нымдуулугу төрт пайыздан төмөн болбошу талапка ылайык. Акырларды жана бөлмөнү кыктан күн сайын тазалап, чыланган акиташ жана сода менен жууп-тазалоо иштерин маал-маалы менен жасап турууну унутпаңыз. Ошондой эле алардын кышкыга тоюту чөп, саман, дан азыктары жана өсүмдүк тамырларынан турушу маанилүү", — деди Тогузбаева.

Адис уйга үч маал тоют берүү зарылдыгын, эртең менен жана түшкүсүн чөп, саман, азык тамырларын жана жем, ал эми кечкисине кесек тоют гана берүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0