Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбаева: индеецтердин тили кыргыздардыкына окшош уруусу табылды

© Sputnik / Эркин СадыковДоцент отдела синхронного перевода КТУМ Салтанат Мамбаева
Доцент отдела синхронного перевода КТУМ Салтанат Мамбаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-түрк Манас университетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти Салтанат Мамбаева америкалык индеецтердин арасында кыргызга тили абдан окшош эл жашарын айтты.
Мамбаева: индеецтердин тили кыргыздардыкына окшош уруусу табылды

Америкада өзүнчө бөлүнүп жашаган индеецтердин тили кыргыздардыкына окшош уруусу табылды. Бул тууралуу Салтанат Мамбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Анын айтымында, навахо уруусунун өкүлү менен Мамбаева АКШда жолуккан.

"2004-жылы Америкага бир долбоор аркылуу чакырылып, изилдөөчү болуп иштеп калдым. Бир күнү сейилдеп жүрсөм, майда-чүйдө саткан кең далылуу аял менин кайсы уруудан экениме кызыкты. Ал Кыргызстан жөнүндө эч нерсе билбейт экен. Мени анын "кайсы өлкөдөнсүң" эмес, "кайсы уруудансың" деп сураганы таң калтырды. Изилдеп отуруп Америкада өзүнчө бөлүнүп жашаган индеецтерде навахо аттуу уруу бар экенин билдим. Ал эл менен жакындан таанышканымда жүзгө жакын кыргыз сөздөрүнө окшош сөздөрдү, жашоо-тиричилигиндеги окшоштуктарды көрдүм. Навахо эли да тайкени "тайке" деп, ак карлуу тоолорду "Ала-Таг", билекти "алакан" деп аташат экен. Ошондой эле аялдары ийик ийрип, жүн сабап, акча табуунун негизги булагы зергерчилик экенине күбө болдум. Алар өз тилин сактап калууга ушунчалык катуу аракет кылышканы менен жылдан-жылга кийинки муун унутуп баратыптыр. Өздөрүнүн жазмасы жок болгондуктан, өз тилинде латын тамгаларын колдонуп жазышат экен", — деди Мамбаева.

Окумуштуу аталган индеец уруусунун кыргыздар менен болгон байланышы буга чейин изилденбегенин, бирок казак элинин бир изилдөөчүсү казак тилине жакындыгын китеп кылып жазганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0