Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев. Архив

Мурзашев: арзандатуу учурунда алынган тамак-ашка уулангандар көп

63
(жаңыланган 13:38 16.08.2019)
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев сактоо мөөнөтү аяктаган гана тамак-аш азыктары арзандатуу акциялары аркылуу сатыларын айтты.
Мурзашев: арзандатуу учурунда алынган тамак-ашка уулангандар көп

Акыркы тапта эскирген азык-түлүккө уулангандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Махамат Мурзашев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда ишкерлер өз пайдасын гана ойлоп, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү сатыкка чыгаруу менен калктын саламаттыгын коргоо мыйзамын одоно бузуп жатышат.

"Тамак-аш азыктарынын сактоо мөөнөтү аяктаганда ишкерлер чыгым тартып калбоо үчүн ар кандай арзандатуу акцияларын өткөрө коюшат. Эл өз баасынан төмөн сатылган азык-түлүккө кызыгып, билбестик менен аны көп көлөмдө алышат. Ал өз убагында жеп түгөтүлбөй, ансыз деле эскирген продукт үйдө дагы бир топ убакытка кармалып, бузула баштайт. Натыйжада аны жеген адам дароо инфекциялык ооруга кабылат. Бүгүнкү күндө уулангандардын ар бир экинчиси - мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк менен тамактангандар. Бул багытта биз дүкөн жана базарларга барып тийиштүү көзөмөл  жүргүзүү менен сатуучуларга эскертүүлөрдү берип келгенбиз. Бирок майнап болгон жок. Текчелерде эскирген тамак-аш азыктарын дагы эле кезиктирүүгө болот. Ишкерлер мындай кайдыгерлик мамиле менен калктын саламаттыгын коргоо мыйзамын одоно бузуп жатышат. Ал аз келгенсип, быйылтан тарта бизнес жаатын текшерүүгө мораторий кирди. Эми бизде ким эмнени кандай сатып жатканы тууралуу кабарыбыз болбойт", — деди Мурзашев.

Ошондой эле ал көчө жээктеринде сатылган мөмө-жемиштер да автотранспорттон чыккан кара түтүнгө ышталып, чаңдагандыктан андан да уулануу коркунучу чоң экенин кошумчалады.

63
Белгилер:
тамак-аш, уулануу, акция, арзандатуу
Тема боюнча
Адис: тамактан ууланбаш үчүн 7 нерсеге көңүл буруу керек
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова. Архивдик үрөт

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

599
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова кантип коронавирустан айыкканын айтып берди.

Вирус өпкөмдүн 56 пайызын жабыркатыптыр. Бул тууралуу Кайырбүбү Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

Анын айтымында, COVID-19 вирусун кайдан, кантип жуктуруп алганын өзү билбей калган.

"Россияда ооруканалардын биринде буфетте иштейм. Бир күнү эле тамагым кычышып, кадимки тамак оорунун белгилери байкалды. Врачка көрүнсөм жөн эле тамак оорусу деп сормо дары жазып берди. Аны колдонуп дагы 4-5 күн үйдө болдум. Бирок оору жоголбой эле күндөн-күнгө күчөп, дене табым 38,5 градуска чыга баштады. Башка дарыгерге барып көрүнсөм алар өпкөнү компьютердик томографиядан өткөрүп, 56 пайызын вирус жабыркатканын айтышты. Андан соң мени Тез жардам менен COVID-19ду дарылаган бейтапканага алып кетишти. Жалпысынан 10-11 күн абдан кыйналдым, ооруканага жаңы барганда өз алдынча дем ала албай аппаратка туташтырышты. Тамакка болгон табитиң жоголуп, көкүрөк тушуң катуу ооруйт экен. Жашым 60ка барып калгандыктан, чынында корктум. Медиктер мыкты дарылагандыктан айыгып кеттим", — деди Абдыкадырова.

Ал вирус аныкталганга чейин беш ирет COVID-19га анализ тапшырып, баары таза чыкканын кошумчалады.

599
Белгилер:
ден соолук, Россия
Тема боюнча
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов

Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

13
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов аңчылыктын айрым түрлөрүнө мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору бул багыттагы мурдагы укуктук документтерди кайталап жатканын айтты.
Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

Аңчылыкка тыюу салуудан мурда егерлердин штатын чечүү керек. Ал үчүн 500 миллион сом каражат керектелет. Ансыз браконьерчилик күчөп кетүүсү ыктымал. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдагы өкмөттүн токтомунда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө 2026-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салынган.

"Аңчылыкка убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2015-жылдан бери төртүнчү жолу каралып жатат. Бул жолкусунда да эч кандай өзгөрүүсүз эле сунуштап жатышыптыр. Анткени көп жылдан бери аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесине маралды кошуп келишет. Ал эми бул жаныбарды атууга буга чейин эле тыюу салынган. Өлкөдө мергенчиликке уруксат берилген аянт 15 миллион гектар болсо, анын алты миллиону өкмөттүн карамагында. Ал жерде 2016-жылдан баштап аңчылык толугу менен токтотулган. Ал эми калган аймактарды атайын ушул багытта иш алып барган фирмалар карайт. Алардын 160-170тей мергенчиси өзүнө таандык аянтты коруп, көзөмөлгө алышат. Эгерде мыйзам долбоору өтүп кетсе, жеке менчик фирмалар көзөмөл кылган жерлер каралбай калат. Себеби өкмөт көзөмөл кылган 6 миллион гектар аянтта 43 егер иш алып барат. Ошондуктан мораторий киргизиштен мурда 160 адистин штатын чечүү зарыл. Ал үчүн 500 миллион сом керектелет. Эгерде мындай болбосо, браконьерчилик көбөйүп кетүүсү ыктымал", — деди Турдуматов.

Ошондой эле ал бардык жаныбарларды атууга тыюу салууга да болбой турганын белгилеп, себеби жаныбарлар арасында ар кандай ылаң жайылганда кооптуу жагдай жарала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 29-майда "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 2026-жылдын 31-декабрына чейин бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу каралган.

13
Белгилер:
аңчылык, жаныбарлар, мораторий
Тема боюнча
Кадыров: жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоорунун терс жактары көп
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

0
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

0
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты