Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу

Дамир уулу: Кыргызстанда туризм жакшы өнүкпөй калган эки облус бар

864
(жаңыланган 14:06 17.08.2019)
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу ар бир облустун өзгөчөлүгүн брендге айландыруу менен өлкөнүн бардык аймагына туристтерди тартууга мүмкүн экенин айтты.
Дамир уулу: Кыргызстанда туризм жакшы өнүкпөй калган эки облус бар

Учурда Талас жана Баткен облусунда туризм жакшы өнүкпөй жатат. Ошол себептен аталган аймактардагы кызыктуу өзгөчөлүктөрдү таап, аны кенен жайылтыш керек. Мындай пикирин Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын бренди — жаратылыш, каада-салт, тарыхый, маданий жайлар, "Манас" эпосу жана Чыңгыз Айтматов.

"Ар бир аймактын өзүнө таандык өзгөчөлүгү бар. Аны туура пайдалануу менен туризм тармагын өнүктүрсө болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда туризм тармагы Баткен менен Талас жергесинде жакшы өнүкпөй калган. Мындан улам биз аталган эки облустун өзгөчөлүктөрүнө байкоо салдык. Карай келсек залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөгө белгилүү инсан. Ал Талас жергесинин кулуну. Анын чыгармаларынын басымдуу бөлүгү дал ушул аймакка байланыштуу. Мындан улам биз Айтматовдун китептеринде сүрөттөлгөн жерлерди тизмектеп, атайын туристтик маршруттарды түзсөк болот. Ошондой эле дүйнөгө таанымал "Манас" эпосу аркылуу баатырдын Алтайдан көчүп келип жердеген мекени катары таанытууга мүмкүн. Ал эми Баткен болсо Айгүл-Тоосу менен туристтерди өзүнө тарта алат. Болгону аны дүйнө тааныгандай кылып жарнамалаш керек. Ошондой эле Баткенде гана токулган килемдер бар. Аны көп жерде билишпейт. Мына ушул кол өнөрчүлүктү таанытуу менен да туристтерди тартууга болот", — деди Дамир уулу.

Ошондой эле ал атайын чет элдик туристтер үчүн Кыргызстандын бардык аймактары тууралуу маалыматы бар, гранд тур картасы даярдалып жатканын кошумчалады.

864
Белгилер:
бренд, туризм, Баткен облусу, Талас облусу, Максат Дамир уулу
Тема боюнча
Дамир уулу: Kyrgyz Tourism Awards – 2019 сынагына анкеталар кабыл алынууда
Саясат таануучу, Пикир регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов

Бактыгулов: шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт

60
Саясат таануучу, "Пикир" регионалдык эксперттер клубунун тең төрагасы Шерадил Бактыгулов мыйзам боюнча шайлоо президенттин жарлыгы чыкпаса деле автоматтык түрдө дайындала турганын айтты.
Бактыгулов: шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт

Шайлоону жылдырууга мыйзам жол бербейт. Эгерде мыйзамды бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыш легитимсиз болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 4-октябрга чейин эпидемиологиялык абал кандай боло турганы белгисиз.

Күздө өтчү шайлоодо 44 партия ат салышмай болду. Тизме

"Учурда коомчулукта "эмнеге 4-октябрга шайлоо дайындалды" деген кептер айтылып жатат. Шайлоону дайындоо Конституциялык мыйзам менен бекитилген. Анда "Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо Президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 күндөн кеч эмес дайындалат" деп турат. Эмне үчүн 4-октябрь дегенде, мыйзам боюнча эсептеп келгенде ушул датага туш келет. Демек, бул президенттин жеке каалоосу эмес. Баарыбыз бийликти мыйзам чегинде иштешин талап кылып келебиз. Бирок учурда шайлоону жылдыруу керек деп, бийликти мыйзам бузууга түртүп жатабыз. Бул жерде эң негизги маселе легитимдүүлүк. Эгерде мыйзам бузуу менен шайлоо өткөрсөк, кийинки чакырылыштын кабыл алган долбоорлору мыйзамсыз болуп, саясий кризиске туш келип калышыбыз ыктымал. Ченемдик укуктук актылардын юридикалык күчү боюнча биринчи Конституция, андан кийин Конституциялык мыйзам, анан кодекс, мындан соң мыйзам, анан барып президенттин жарлыгы", — деди Бактыгулов.

Ошондой эле ал шайлоону жылдыруунун мыйзамдуу жолу "өзгөчө абал" киргизүү, бирок анда шайлоо эпидемиянын экинчи толкунуна туш болуп калышы ыктымал экендигин кошумчалады.

60
Белгилер:
эпидемия, абал, мыйзам, шайлоо, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
БШК: шайлоого кетчү каражат болушунча кыскартылат
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова

Жусупбекова: ЖРТ тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

44
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ЖРТнын босого баллынан ашкандар 60 пайызга чейин көбөйүп калганын айтты.
Жусупбекова: ЖРТ тапшырбай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

13-19-июль аралыгында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгат. Ал эми 20-июлдан тарта ЖОЖго онлайн кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖРТ тапшырууга кечигип же кандайдыр бир себептер менен тапшырбай калгандарга дагы мүмкүнчүлүк берилет.

Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп

"Статистика боюнча жылына 40 миңден ашуун абитуриент жалпы республикалык тестирлөөдөн өтөт. Алардын ичинен 110 баллдан көп алгандар окууга тапшыра алышат. Бирок ЖРТнын сертификаты милдеттүү эмес болгон ЖОЖдор бар. Алар искусство жана дене тарбия тармагы. Ошондой эле колледж, орто кесиптик окуу жайларга дагы кереги жок. Учурда ЖРТнын эки туру тең жыйынтыкталды. Анткен менен ага кайсы бир себептер менен катыша албай калгандар 13-июлда жалпы, 14-июлда предметтик тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Булардын саны аз эле болгондуктан Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. 13-19-июль аралыгында ЖРТнын жыйынтыктары белгилүү болуп, ошондон кийин босого баллдан өткөн абитуриенттер ЖОЖго тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Быйыл кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын платформа иштелип чыкты. Учурда бүтүрүүчүлөрдүн баары аралыктан тапшырууга мүмкүнчүлүк алуусу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал колледждерге кабыл алуу 13-июлдан баштала турганын айтып, ал үчүн дагы өзүнчө платформа иштеп жатканын кошумчалады.

44
Белгилер:
ЖРТ, окуу жай, бүтүрүүчү, билим берүү, Надира Жусупбекова
Тема боюнча
ЖРТ тапшыра албай калгандарга дагы бир мүмкүнчүлүк берилди. Жол-жобосу
Ат-Башынын тоолору. Архивдик сүрөт

Ат-Башыда 4,2 баллга жеткен жер титирөө болду

0
(жаңыланган 12:22 12.07.2020)
Очогу Ат-Башынын батыш тарабында 45 чакырым алыстыкта жайгашып, тереңдиги эки чакырымга жеткендиги кабарланат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Нарын облусунда 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбордон (EMSC) билдиришти.

​Мекеменин маалыматына ылайык, жер 12-июль күнү саат 6.28де силкинген. Анын очогу Ат-Башынын батыш тарабында 45 чакырым алыстыкта экени айтылды. Ал эми тереңдиги эки чакырымга жетет.

Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен

Жабыркагандар жана жапа чеккендер боюнча расмий маалымат жок.

0
Белгилер:
жер титирөө, Ат-Башы, Кыргызстан
Тема боюнча
Апкаарыган жок. Жаңы Зеландия премьери маек берген учурда жер титиреди. Видео
Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен