Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исхакова: улуттук календарь менен 11 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи Май райондук үйбүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Исхакова. Архив
Биринчи Май райондук үйбүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Исхакова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май райондук үйбүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Исхакова эмдөөдөн ата-эне диний түшүнүктөрдөн, медицина кызматкерлерине ишенбөөчүлүктөн улам баш тартып жатканын айтты.
Исхакова: улуттук календарь менен 11 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт

Баласын эмдөөгө алып келбеген ата-энелердин саны өсүп жатат. Бул тууралуу Диляра Исхакова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эмдөө коркунучтуу илдеттердин алдын алат.

"Биз улуттук календарь менен 11 ооруга каршы эмдөө жүргүзүп келебиз. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны өсүп жатат. Диний түшүнүктөрдөн, медицина кызматкерлерине ишенбөөчүлүктөн улам алар баласынын келечегине кайдыгер кароодо. Эмдөө кургак учук, шал ооруусу сыяктуу бир топ коркунучтуу илдеттердин алдын алат. Ошол үчүн балага төрөт үйүндө кара сарыкка каршы эмдөө жүргүзүлүп келет", — деди Исхакова.

Ал, мындан сырткары, убагында эмдөөдөн өтпөй калган улан-кыздар бой жеткенде чет өлкөгө чыга албай калып жатканын кошумчалады.

Улуттук календарь Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилген. Эмдөө иштери ошонун негизинде жүргүзүлөт. Календарга ылайык, балдар 11 жугуштуу ооруга каршы эмделет.

Жаңылыктар түрмөгү
0