Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маратов: XIII эл аралык айтышка кыргыз акындары 20-августта тандалат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Айтыш" коомдук фондусунун төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратов
Айтыш коомдук фондусунун төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айтыш" коомдук фондусунун төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратов XIII эл аралык айтышка сегиз кыргыз төкмө акыны катышарын айтты.
Маратов: XIII эл аралык айтышка кыргыз акындары 20-августта тандалат

30-31-августта өтө турган кыргыз-казак айтышына жергиликтүү акындар 20-августта тандалат. Бул тууралуу Асылбек Маратов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тандоо туруна бардык төкмө акындар катыша алышат.

"20-август күнү КТРКнын концерттик залында республикалык айтыш өтөт. Ага өлкө аймагындагы бардык төкмө акындар катышат. Иш-чара бир айлампа менен өткөрүлүп, калыстардын чечими менен мыкты делген сегиз акын тандалат. Алар өз кезегинде 30-31-август күндөрү өтө турган XIII эл аралык кыргыз-казак айтышына жолдомо алып, ал жактан коңшу өлкөнүн төкмөлөрү менен күч сынашат. Тандоо туруна болжол менен 40тан ашуун акын келет деп күтүп жатабыз. Арасында учурдагы залкар төкмөлөр да бар. Иш-чара саат 10:00дө башталат. Тандоо туруна кирүү акысыз", — деди Маратов.

Ошондой эле ал XIII эл аралык кыргыз-казак айтышы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 28, мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жана залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0