Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өнүккөн өлкөлөрдө кайсы кесипке суроо-талап күч? Адистин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов
Ишкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер жана чет өлкөдө билим алуу боюнча адис Алмаз Арапов чет жактан билим алуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачарын айтты.
Өнүккөн өлкөлөрдө кайсы кесипке суроо-талап күч? Адистин жообу

Чет мамлекеттерде мугалим, психолог жана IT адистерине жумуш көп. Бул тууралуу Алмаз Арапов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Европа жана Америкада алдыңкы кадрлар жумушсуз калбай, эмгеги жогору бааланат.

"Чет өлкөдөн билим алуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат. Аракет кылган жаштарга жол ачыла берет. Европа жана Америкада жакшы адис жумушсуз калбайт, эмгеги жогору бааланат. Болгону кайсы улут болбосун тил билүү жана сапаттуу билимге ээ болушу талап кылынат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө айрым абитуриенттер ЖРТсы жеткен бөлүмдөргө талонун таштап, кийин кесиби боюнча иштеп-иштебей турганын көп ойлоно бербейт. Ошондуктан бизге кайрылган жаштарга кесип тандоо боюнча багыт берүүгө аракет жумшап келебиз. Мугалимдик, психология жана IT тармагында иш алып барган адистерге жумуш көп экенин айтып жатабыз. Анткени аталган кесиптерге Европа жана Америкада суроо-талап күч. Бул тармакта иштегендердин айлык маянасы 5 миң доллардан жогору", — деди Арапов.

Ал билимге жасалган инвестиция эң чоң бизнес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0