Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пакыров: маалыматтын жетишсиздиги жана бюрократия бизнести өнүктүрбөй жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров. Архив
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров ишкерликтин өнүгүшүнө бир топ маселелер тоскоолдук жаратып жатканын айтты.
Пакыров: маалыматтын жетишсиздиги жана бюрократия бизнести өнүктүрбөй жатат

Өлкө экономикасы толугу менен бизнес чөйрөсүнөн көз каранды. Ошол себептен ишкерликтин өнүгүүсүнө тоскоол болгон бардык жагдайларды жоюш керек. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, атамекендик ишкерлерлер үчүн маалыматтын жетишсиздиги, бюрократия жана укук маселелери чет өлкөлөрдө корголбой жатканы жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө жолтоо болууда.

"Бизнести өнүктүрөбүз десек, сөзсүз түрдө аймактардагы ишкерлерге көңүл буруш керек. Аймактык ишкерлер көбүнчө маалыматтын жетишсиздигинен аксап келишет. Ошол себептен жер-жерлерде ассоциацияларды түзүп, бизнес борборлорун ачышыбыз керек. Мындан сырткары, мамлекеттик колдоо да талап кылынат. Себеби кандай гана бизнестин түрү болбосун, уруксат кагаздарын чогултууга эле көп убакыт кетип калууда. Андан сырткары, бизде бюрократия дагы күч алган. Ошондой эле өндүрүмдү экспортко чыгарганда да ишкерлер көптөгөн көйгөйлөргө тушугушат. Мисалы, ошол эле чек арадагы бажы бекеттериндеги узак убакытка созулган текшерүүлөр. Ар бир текке кеткен убакыт ишкерди чыгым тарттырат. Ошондуктан жергиликтүү ишкерлердин укуктарын коргой алчу адистер чет өлкөлөрдө да болсо, бизнес тармагын өнүктүрүү жеңил болмок", — деди Пакыров.

Ошондой эле ал ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү багытында иштелип чыккан программалар өкмөт алмашкан сайын өзгөрүп, максатына жетпей калып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0